Түркия тышкы иштер министри: Кытай менен кызматташтыкты улантабыз

322
0

Түркия тышкы иштер министри: Кытай менен кызматташтыкты улантабыз

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кытайга сапар кылып, Пекинде мамлекет башчылары менен жолугушуу өткөргөн соң Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи менен биргеликте маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынында Чавушоглу Кытай расмийлери менен эки өлкөнүн келечегине тиешелүү өтө маанилүү жана жемиштүү сүйлөшүүлөр болгондугун билдирди. Анын айтымында, Кытай менен алаканы бекемдөө Түркия үчүн өтө маанилүү болгондуктан, ал Айт майрамынын биринчи күнү экендигине карабастан Кытайга жумушчу сапары менен келген.

“Энергетика жана атомдук электр станцияларын калыбына келтирүү, үчүнчү атомдук электр станциясын куруу сыяктуу маселелерди да талкуулаштык. Мындан тышкары, коргонуу тармагында да чогуу иштешибиз мүмкүн, биргелешкен долбоорлорубуз бар. Туризм маселесинде болсо, Кытайдан Түркияга келип жаткан туристтердин саны дээрлик 98-100 пайызга көбөйдү”, – деди Түркиянын тышкы иштер министри.

Түркия менен Кытай өкмөттөрү маанилүү стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргеликте иш жүргүзүп жаткандыгын айтып өткөн Чавушоглу Түркия менен Кытайдын ортосундагы сооданын көлөмүн жогорулатууну каалай тургандыгын билдирди. Чавушоглунун айтымында, ал үчүн кытайлык ишкерлер Түркиядагы инвестицияларын көбөйтүшү  керек.

Чавушоглу коопсуздук жана “терроризм”ге каршы күрөшүү маселелери да талкуулангандыгын айтып, эки өлкө бул жаатта бири-бирин колдоп-кубаттоону улантышын о.э. коопсуздук жана разведка тармагында кызматташтыкты бекемдөө зарыл экендигин баса белгиледи.

“Айрыкча, биз Кытайдын проблемаларды чечүүдө  жүргүзүп жаткан саясатынан кубанычтабыз. Аймактык маселелер боюнча да, эл аралык маселелерде да, Кытай менен пикир жана мамилелерибиз бирдей экендигин көрүп жатабыз. Өзгөчө, саясий жана тынч жол менен менен чечиле турган маселелерде кызматташтыкты улантабыз”, – деди Чавушоглу.

Түркия тышкы иштер министринин Кытайга сапары Кытай бийлигинин Чыгыш Түркстандык мусулмандарга зулуму эң чокусуна чыккан учурга туура келди. Түркияда качкын болуп жүргөн уйгурлар Түркия бийлигине “Бүт дүйнө мусулмандарынын үмүтү силерде” деген кайрылуу жолдошуна карабастан, Чавушоглу Кытай бийлигинин аймактагы проблемаларды чечүүгө “калыс жана конструктивдүү” жандашып жаткандыгын жогору баалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here