Жантөрө Сатыбалдиев да камакка алынды

278
0

Жантөрө Сатыбалдиев да камакка алынды

18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынган. Үчөө тең Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (“коррупция”) менен айыпталууда.

Туркистон:

Кыргызстан бир нече жылдан кийин Кытайдан алган карыздарын төлөй баштайт. Кытай жана башка ири мамлекеттер Кыргызстанга карыз берип жатып, мамлекет башчысынан баштап бүтүндөй жетекчи топ бул каражаттарды талап-тоноп кетишин өтө жакшы билишет эле. Алар ушул көрүнүшкө кызыкдар, эгерде андай болбосо карыз беришмек эмес!

Дүйнөлүк донор мамлекет жана уюмдар, алсыз жана муктаж мамлекеттерге карыз берип жатып, бул мамлекеттердин муктаждыктарын жоюуну көздөшпөйт. Тескерисинче, ошол муктаждыктарынан пайдаланып, аларды төлөй албай турган карызга батырууну көздөшөт! Кийин берген карыздарынан он эсе кымбат турган кызыкчылыкка ээ болуп алышат. Мисалы, Кытай Тажикстандын жүз миңдеген гектар жерлерин тартып алганы сыяктуу!

Ал үчүн карыз алып жаткан мамлекеттер бул каражаттардан туура пайдаланбашы керек. Ошондуктан, эл аралык саясатта таасири бар болгон ири мамлекеттер берип жаткан карыздары кандай иштетилип жатканына кызыгышпайт, аны көзөмөлдөп отурушпайт. Себеби, алар бул каражаттарды кайтарып ала албай калуудан тынчсызданышпайт. Эл аралык мыйзам жана эрежелер, эл аралык сот жана башка уюмдардын бардыгы алардын кызыкчылыгына кызмат кылат. Мындан тышкары, алар бул мамлекеттерди эл аралык мыйзамдар аркылуу аскерий жактан өтө алсыз абалда кармап турушат. Керек болсо, аскерий басым менен болсо да карыздарын өндүрүп алышат.

Кыргызстанга көңүл буруңуз, бири-бирин камап түгөтө алышар бекен! Жаңылары бийликке келип, алар да уурулукту улантышат. Кийинкилери келгенде, дагы мурункуларын куугунтуктай башаташат. Тышкы мамлекеттерден карыз алуу болсо улана берет! Себеби, эл аралык глобалдык саясий жана экономикалык система ичинде Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер үчүн белгилеп коюлган коридор менен бара жаткандыктан, эч качан саясий жана экономикалык өнүгүүгө жетише албайбыз. Себеби, бизге карыз берүү менен бизди колония кылып туруу үчүн, ири мамлекеттер биздин өнүгүп кетишибиздин алдын алышат. Биз өнүгүп кетсек алар зыян тартып калышат. Кыргызстан болсо, ал тургай экономикалык өнүгүү программаларын да эл аралык күчтөрдүн сунушуна ылайык иштеп чыгат. Бул болсо, карышкырга кой кайтартып койгондой эле эмеспи?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here