АКШ БУУнун Адам укуктары кеңешинен чыкты

391
0

АКШ БУУнун Адам укуктары кеңешинен чыкты

АКШ БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыга тургандыгын билдирди. АКШнын  БУУдагы өкүлү  Никки Хейли кеңешти “өз кызыкчылыктарын гана көздөгөн жана адам укуктарын шылдыңдоочу эки жүздүү уюм” деп атады. Бул тууралуу BBC орус кызматы кабарлаган.

Ушул эле булак былтыр Вашингтон аталган уюмдан чыгуу маселесин карап жаткандыгын кабарлаган эле.

Башкы кеңсеси Женевада жайгашкан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 2006-жылы түзүлгөндөн бери курамында адам укуктарын такай бузган өлкөлөр бар экендиги себептүү тынымсыз караланып келет.

 АКШнын БУУдагы өкүлчүлүгү Твиттер баракчасында: “Кытай, Куба, Конго жана Венесуэла сыяктуу мүчөлөрү себептүү кеңеш өз атына татыктуу эмес”, – деген билдирүү тараткан.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зайд Раад ал-Хусайн билдирүү берип, бул чечим “көңүл калтыруучу” экендигин, бирок таң калычтуу эместигин билдирди.

Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Human Rights Watch” уюму АКШнын чечимин талкуулап, президент Трамптын саясатын бир тараптуу деп атады.

Никки Хейли мамлекеттик катчы Майк Помпео менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында АКШ адам укуктарын коргоону уланта тургандыгын айтып өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here