Трамп бажы салыгына каршы болгон мамлекеттерди эскертти

304
0

Трамп бажы салыгына каршы болгон мамлекеттерди эскертти

АКШ президенти Дональд Трамп Американын болот жана алюминий импортуна киргизген бажы төлөмдөрүнө каршылык көрсөтүүнү пландаштырып жаткан айрым мамлекеттерди “эгерде алар буга каршы чыгышса, өтө чоң ката кетиришет” деп эскертти.

Трамптын айтымында, башка өлкөлөр АКШга кирип келе жаткан импорттук товарларга карата жеңилдиктерден ондогон жылдар пайдаланып келишкен. Эми  ошол мамлекеттер өз кезегинде АКШ экспорт кылган товарлар өздөрүнүн базарларына адилеттүү жана тең укуктуу түрдө кирип барышын камсыздашы керек.

О.э. президент Трамп АКШ менен башка мамлекеттер ортосундагы тышкы соодадагы айтылып жаткан “теңсиздик” Америкадагы мурдагы бийликтин катасы себептүү пайда болгондугун билдирди. Анын айтымында, эми буга жол берилбейт.

“Биз АКШ мамлекети катары өткөн жылы соодада 807 миллиард доллар зыян тарттык. Бул кабыл алуу мүмкүн болбогон абал. Негизи, буга алар эмес, биздин жетекчилер айыптуу. Өз мамлекеттери үчүн өтө жакшы, бирок АКШ үчүн өтө жаман болгон бул соода келишимине кол койдура алган башка мамлекеттердин жетекчилерин куттуктаймын. А бирок, ал күндөр эми артта калды”, – деди АКШ президенти.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here