Өзбекстан “Талибан” кыймылы менен жолугушууларды өткөрдү

339
0

ӨзбекстанТалибан” кыймылы менен жолугушууларды өткөрдү

Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында Афганистан өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы сүйлөшүүлөр туурасындагы билдирүү жарыя кылынды.

 Билдирүүдө: “2018-жыл, 27-март күнү Ташкент шаарында болуп өткөн Афганистан боюнча эл аралык конференция учурунда жетишилген макулдашууларга ылайык, Өзбекстан республикасы Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу жана анын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө жардамдашуу багытындагы иш-аракеттерин улантууда.

Өзбекстан бул убакытта Афганистан өкмөтү, АКШ, Кытай, Россия, Эл аралык диалог тобуна мүчө мамлекеттер, Евразия региону, Түштүк Азия, Орто жана Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бул жаатта бир катар консультативдик жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Афганистан боюнча форумдун алкагында бир добуштан кабыл алынган, аймактык жана глобалдык масштабда тынчтыкка жетишүү, терроризмге жана наркотикалык заттардын мыйзамсыз соодасына каршы күрөшүү о.э. аймактык экономикалык кызматташтыкты жолго коюуга каратылган биргеликтеги иш-аракеттерди камтыган Ташкент декларациясы ушул багыттагы иштерди ишке ашыруу үчүн маанилүү саясий негиз болуп кызмат кылууда.

Ошону менен бир катарда, Ташкент конференциясы катышуучуларынын жалпы позициясын жүзөгө чыгаруу максатында Өзбекстан тийиштүү алакаларды орнотуп, «Талибан» кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда Афганистанда узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу маселеси жана мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө каратылган диалог жана кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Ушундан келип чыгып, Өзбекстан Афганистан өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын Айт майрамына байланыштуу ок атышпоо келишимин кубаттайт жана Өзбекстан бул элдешүү мөөнөтсүз мүнөзгө ээ болушунан үмүттөнөт.

Жүз берип жаткан кырдаалды эсепке алган абалда о.э. Өзбекстан республикасынын демилгесине негизделип, тышкы иштер министрлиги тынчтык жараянынын бардык баскычтарында Өзбекстан аймагында Афганистан өкмөтү менен «Талибан» кыймылы ортосунда бетме-бет сүйлөшүүлөрдү уюштуруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө даяр экендигин тастыктайт”, – деп айтылат.

Туркистон:  Эл аралык саясат АКШнын демилгеси менен дагы кайрадан Афганистанда башаламандык чыгарууга аракет кылууда. Афганистандагы бул жасалма аскерий коркунуч пайда кылуу аракеттери АКШнын Борбор Азиядагы аскерий таасирин күчөтүүгө каратылган.

Акыркы кездерде, Афганистандагы бул жасалма коркунучту Россия өз кызыкчылыктарына ылайык күчөтө баштады эле, АКШ саясатчылары дароо позицияларын өзгөртүп, “Афганистандан Борбор Азия үчүн эч кандай коркунуч жок” деген билдирүү беришти.

Өзбекстан Борбор Азиянын борборунда жайгашкан о.э. региондогу ири жана таасир кубаты күчтүүрөөк  мамлекет болгондуктан, Афганистандагы ички коопсуздукту жөнгө салууга киришип жатат. Аныгыраагы, АКШнын уруксаты менен Россиянын жасалма коркунучун жокко чыгармакчы болууда. Ал бир нече жылдар бою АКШнын сунушу менен Афганистан ичинде анын инфраструктурасын жолго коюу максатында аракет кылат. Жогоруда ушул аракеттерин дагы күчөтүү же «Талибандын» көзөмөлүндө болгон аймактарга да көбүрөөк көңүл бурууга убада берди. Ал ушул аркылуу, Россия пайда кылышы мүмкүн болгон жасалма аскерий коркунучтун алдын алган болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here