Тажикстанда эмгек мигранттары милдеттүү медициналык кароодон өткөрүлөт

256
0

Тажикстанда эмгек мигранттары милдеттүү медициналык кароодон өткөрүлөт

Тажикстанда “мигранттар ВИЧке кан тапшыргандан кийин гана өлкөгө киргизилсин” деген демилге көтөрүлдү. Тажикстандын Миграция министрлиги менен Саламаттыкты сактоо  министрлиги аэропорттордо, темир жол вокзалдарында жана чек ара бекеттеринде атайын медициналык бөлүмдөрдү ачуу боюнча демилге көтөрүп чыгышкан. Эми чет өлкөдөн кайткан мигранттар мындай жайларда атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин гана мамлекетке кирмекчи.

Айрым адистер бул чечимге түз эле көз карашта болсо, айрымдары терс мамиле билдирүүдө. Бул чечимдин кабыл алынышына “Жугуштуу оорулардын алдын алуу” себеп болгондугу айтылууда.

Белгилүү журналист Холикназар Жумаевдин пикиринде, аэропорттордо медициналык текшерүү өткөрүү коррупциянын жаңы булагы болуп кызмат кылары анык. Анын айтымында, бул нерсеге жол бербеш керек.

“Мени таң калтырганы жарандардын саламаттыгы  Саламаттыкты сактоо министрлигинин милдети болуп эсептелсе, эмне үчүн эми алар өз ишин “тийиштүү органдарга” жүктөп жатат? Жарандардын саламаттыгын текшерүүгө саламаттыкты сактоо системасынан башка дагы кайсы “тийиштүү мекеменин” акысы бар?

Көрсөтүлүп жаткан себептерге ишенүү кыйын, себеби, министрликтин максаты мигранттардан акча өндүрүү.  Элестетип көрүңүз, эгерде бир жылдын ичинде өлкөгө 500 миң мигрант кирсе жана алардын ар биринен 50 сомоний (болжол менен 7 доллар) каражат алынса, “камкор” Саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджетине бир топ эле каражат түшөрү анык. Бир нече жыл мурда министрлик “үй-бүлө курмакчы болгон жаштарды акысыз медициналык кароодон өткөрөбүз” деп жар салган эле. Айткылачы, кимдин баласы акысыз медициналык кароодон өтүп үйлөндү? Бул нерсе алда качан эле коррупциянын бир ыкмасына айлангандыгы жашыруун сыр эмес, эми буга кошумча эмгек мигранттарынын өз мекенине эркин кире албастыгын кандай түшүнсө болот? Көптөгөн жылдардан бери бир гана медициналык камсыздандырууну ишке киргизе албаган министрлик, акысыз медициналык текшерүүнү  ишке ашыра алар бекен? Ал үчүн министрлик алгач долбоор түзөт, андан соң аэропорт, вокзал жана чек ара бекеттерине атайын лабораториялар курулат жана ал лабороториялардын акчасы мигранттардан бир нече эсе кылып өндүрүп алынат. Натыйжада мамлекеттин астанасы мекен астанасы болбой эле, коррупциянын башталыш чекитине айланып калат” –  деди журанлист.

Холикназар Жумаевдин айтымында, министрлик чет өлкөлүк бизнесмендер менен тил бириктирип, жаңы бизнес ыкмасын ишке киргизмекчи болууда. Бирок бул бизнес карапайым калк үчүн кошумча проблема болот.

“Эгерде медициналык текшерүүнүн натыйжасында жарандарыбызда бирер өнөкөт же жугуштуу оорулар аныкталып калса эмне кылабыз? Эмне, өз мекендештерибизден баш тартып, кууп жиберебизби?  Мигранттыктын азабын тарткан калк, эми медициналык кароо үчүн сааттап, ал тургай суткалап кезек күтүп кыйналат”, – деп кошумчалаган журналист Жумаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here