ШКУнун төрагалыгы Кыргызстанга өттү

293
0

ШКУнун төрагалыгы Кыргызстанга өттү

ШКУга төрагалык кылуу Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Кыргызстан ШКУга 2018-2019-жылдары төрагалык кылат. Президент Жээнбеков уюмдун кийинки саммитин 2019-жылдын 14-15-июнь күндөрү Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

О.э. ал ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кийинки саммити дагы жемиштүү өтөөрүнө ишеним билдирген.

 Президент Жээнбеков: “Төрагалык кылуу маалында Кыргызстан 2025-жылга чейин ШКУну өнүктүрүү стратегиясынын тапшырмаларын жана башка маанилүү программалык документтерди иш жүзүнө ашырууга өзгөчө көңүл бурмакчы”,- деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here