Москва НАТОну олуттуу эскертти

272
0

Москва НАТОну олуттуу эскертти

РФ тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова: “Москва НАТОну Россия чек арасына жакын жерлерде аскерий чыңалууну күчөтүү кооптуу экендигинен эскертет”, – деди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Анын айтымында, НАТОнун “чыгыш канат”та  аскерий мүмкүнчүлүгүн күчөтүү аракеттери фонунда Европадагы аскерий-саясий кырдаал начарлап барууда. Бул нерсе, айрыкча Прибалтика өлкөлөрүн аскердештирүүдө көрүнүп жатат.

 “НАТОнун Россия чек арасына жакын аймактарда аскерий чыңалууну мындан ары да күчөтүшү Прибалтика өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна коркунучту күчөтөт”,- деди Захарова брифинг учурунда.

 Россия акыркы жылдарда батыш чек арада НАТО өтө эле активдешип жатканы тууралуу билдирип келет. НАТО таасирин кеңейтүүдө жана муну “Россия агрессиясын кармап туруу” деп атоодо. Буга чейин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков, Россия эч кимге коркунуч туудурбастыгын, а бирок, өз кызыкчылыгына коркунуч туудуруучу аракеттерди этибарсыз калтырбастыгын айткан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here