Жарандык активисттер Атамбаевди коррупцияда айыпташууда

282
0

Жарандык активисттер Атамбаевди коррупцияда айыпташууда

Жарандык активисттер экс-президент Алмазбек Атамбаевди өлкөнүн тышкы карызы эки эсе өсүп кеткендиги үчүн коррупция боюнча айыпташууда.

Маалымат жыйынында алар Башкы прокуратура кылмыш ишин козгошу керектигин билдиришти. Маалымат жыйындын катышуучусу Таалайбек Жумадылов:

Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып турганда тышкы карыз эки эсе өстү. Эгер чара көрүлбөсө биз эгемендүүлүгүбүздү жоготобуз”,- деди.

Маалымат жыйынга катышкан Абдымалик Мырзаевдин айтымында, орусиялык публицист жазган “Атамбаевдин Кыргызстандагы көлөкөсү” китебинде өлкөдөгү коррупциялык абалга жакшы анализ жасалган.

Абдымалик Мырзаев: “Сооронбай Жээнбеков жарыяланган фактылардын негизинде тийиштүү чараларды көрүүсү керек. Мамлекеттик башкарууну түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here