Мута согушундагы шейиттер тууралуу

410
0
Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху
Менин суроом төмөндөгүдөй:
Ислам мамлекети китебинин 106 – бетинде Меккенин фатх болушу тууралуу айтылган: “Мусулмандар мута согушунан кайткандан кийин… Мута согушунда мусулмандардын арасынан көптөгөн шейиттер болду…”
Урматтуу шейх бул ибаратта “мусулмандардын арасынан көптөгөн шейиттер” болду деп келген. Мен көптөгөн булактарды карап чыктым. Бирок бул окуяга далалат кылган бир да далил тапкан жокмун. Болгону бир риваятта 8 шейит, дагы биринде 12 шейит, дагы биринде 13 шейит, дагы биринде 15 шейит кеткен деп келиптир. Мындан башка жогоруда айтылган ибаратка далалат кылган далил жок экен. Мындан башка дагы бул ибаратка тескери келе турган далалаттар бар. Мисалы, Пайгамбар с.а.в. Халид бин Валидге Сайфулооху маслуул (Аллахтын суурулган кылычы) лакабын ыйгарган. Ошондой эле мусулмандарды качуучулар эмес чабуул кылуучулар деп сыпаттаган. Халид бин Валиддин колунан бул согушта 9 кылыч сынгандыгын эске алсак, анда ал бул согушта Мусулмандардын камчысы болгондугун жана мусулмандарды согушууга катуу үндөгөндүгүнө күбө болобуз. Дагы бул согушта румдуктар жеңилгенден кийин урууларга карата кандай коркунуч каптаганы да маалым. Риваяттарда шейит кеткендердин денесинде 50-70 кылычтын жана найзанын сайылган издери болгондугу эскерилген. Бул бир тараптан болду. Дагы бир тараптан Ухуд согушунда Мута согушуна караганда көптөгөн сахабалар, карылар шейит кеткендиги тууралуу риваяттар бар. Ошондуктан бул ибаратта кайсы көптөгөн шейиттерди айтып жатат, ачыктап берүүңүздү өтүнөм.
Жооп:
Уа алейкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракатуху. Бул суроого мурда жооп бергенбиз жана аймактарга жөнөткөнбүз. Кандайдыр бир себептерден улам сиз жашаган аймакка бул жооп жетпей калса керек. Ошол жооптун суроого тиешелүү жерин кайрадан кайталап өтөм.
Ислам мамлекети китебиндеги келген ибарат төмөндөгүдөй:
“…Качан мусулмандар мута согушунан кайтышкандан кийин. Ал согушта мусулмандардын арасынан көптөгөн шейиттер болду. Курайш бул окуядан кийин мусулмандар алсырады деп ойлоду. Бану Бакирди Хузаага карата тукурду жана аларды курал жарак менен камсыз кылды. Бану Бакр Хузага уруусуна чабуул кылып аларды өлтүрө баштады. Хузага Меккеге качты. Амр бин Хузаагий Мадинаны көздөй шашылыш барды. Болгон окуяны Пайгамбар с.а.в. га айтып берди жана андан жардам сурады…”.
Мута согушунда шейиттердин саны он эки болгондугу тууралуу риваяттар бар. Ошондой эле жетимиштей шейит болгондугу тууралуу да риваяттар бар. Ошондуктан китепте келген ибаратта экинчи риваятка басым коюлган. Айрыкча (аклий жактан) басым коюлган. Анткени, бул жерде шейиттердин көп болуштугу табигый. Себеби мута согушунда ислам аскерлеринин саны 3000, ал эми румдук аскерлердин саны 200 000 болгон… Буга кошумча ислам аскерлеринин туу көтөргөн үч аскер жетекчиси шейит кеткен. Мурунку аскерий тактика боюнча адатта согуш туунун айланасында орун алган… Ушуга негизделип ислам аскерлеринин көпчүлүгү ушул тууну коргоонун натыйжасында шейит кетишкен.
Мута согушунда жетимиштей шейит болгондугу тууралуу далилдер:
Байхакийдин пайгамбарлыктын далилдери аттуу китебинде мындай келген: (277 /3 ) “Абу Хусейн бин Бишроона Адл Багдадда бизге Абу Амр бин Самаак, Ханбал бин Исхаак, Аффан, Хаммад бин Салмата Сабиттен ал Анастан риваят кылат: Я Роббим, ансарлардан жетимиш, Ухудда жетимиш, Биру Маъунатада жетимиш, Мутада жетишимиш, Ямамада жетимиш мусулман шейтит болушту”.
Ибн Касирдин Пайгамбардын сиросу китебинде (9/ 3)
“Хаммад бин Салмата Саабиттен, ал Анастан риваят кылат: Ухудда жетимишке жакын Биру Маъунада жетимиш, Мутада жетимиш, Ямамада жетимишке жакын мусулман шейит болушту”.
Мутада он эки шейит болгондугу тууралуу риваяттар:
Ибн Касирдин пайгамбарлык сиросу китебинде (499 /3)
“Мута согушунда мусулманлардын арасынан шейит кеткендер… Төртөө мухажирлерден, ансарлардан төртөө, бардыгы сегиз шейит. Ибн Исхактын риваятында, Ибн Хишаам айтты: Мута согушунда шейит кеткендер тууралуу Ибн Шихааб Захрийдин риваяты… алардын төртөө анасарлардан, жалпысынан он эки мусулман шейит болгон”.
Куран жана Сүннөттү жаркындаштыра турган пайгамбарлык сиро китебинде (428/2)
“Тарыхтагы бирден бир окуя катары саналган окуя күчтүү куралданган жетимиш аскерге каршы бир аскердин бетме бет келүүсү. Бирок биздин ыйманыбыз коркокторубузду коркпос, коркпосторубузду баатыр кылды. Таң кала турган ажайып нерсе бул мута согушунда мусулмандардан сегиз эле адамдын шейит кетиши. Дагы бир жерде он эки деп айтылган”.
Эки далил жамдаштырылып күчтүү тарабы алына турган болсо, жетимиш мусулман шейит болгондугу тууралуу далил алынат. Анткени он эки жетимиштин ичине кирет. Мына ушундайча эки далил жамдаштырылат. Он эки деп риваят кылгынгандыгы алар башкаларын билбей калгандыгын билдирет. Ал эми жетимиш деп риваят кылынгандыгы көпчүлүктүн билгенин билдирет. Үч миң аскердин ичинен жетимиштейи шейит кетиши көпчүлүк маанини түшүндүрөт. Ошондуктан китептин ибаратында “мусулмандардын арасынан көптөгөн шейиттер болду” деп келген. Ошондуктан китептеги ибара туура негизде берилген аны өзгөртүүгө кажет жок.
Ушул жетиштүү деп ойлом. Туурасын Аллах билүүчү.
Бир тууганыңар Ато бин Халил Абу Рушта 2018. 04. 28

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here