“Талибан” ооган-тажик чек арасына 7 миң согушкерин жайгаштырды

253
0

Талибан ооган-тажик чек арасына 7 миң согушкерин жайгаштырды

Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали 2-майда Борбор Азиядагы чек араларды башкаруу программасынын (БОМКА) 15 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

 Анын айтышынча, “Талибан” кыймылы тажикстандын чегине жакын жайгашкан Балх, Кундуз жана Тахор сыяктуу аймактардагы 29 машыгуу базаларына 6  миң 825 согушкерин жайгаштырган. Алардын көпчүлүгү Борбор Азиядан келген согушкерлер.

 Тажикстан Пакистандан кийинки эле Ооганстан менен эң узун чек арасы бар өлкө. Эки мамлекеттин чек арасы 1350 чакырымдан ашат. Андыктан тажик бийлиги ондогон жылдардан бери туруксуздуктун чордонуна айланган Ооганстандагы жоочулардын коркунучу тууралуу Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу көбүрөөк коңгуроо кагып келет.

Мисалы, тажик президенти Эмомали Рахмон Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун былтыр Минскиде өткөн жыйынында Ооганстандагы кырдаал уюмдун түштүк чек арасына коркунуч келтирээрин белгилеп, ооган-тажик чек арасын бекемдөөгө жардам сураган.

 Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмоналинин айтымында ооган-тажик чек арасы Тажикстандын баш оорусуна айланган.Ал чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдарга мамлекеттин түштүк чек араларын бекемдөөдөгү жардамдары үчүн ыраазылык билдирди жана Тажикстан мындай жардамга муктаж экендигин баса белгиледи. Ражабали Рахмоналинин билдиришинче, Тажикстанда 15 жылдын ичинде ВОМКА программасын колдонуу учурунда Афганистан менен чек араны бекемдөөгө 43 млн евро бөлүнгөн.

Туркистон:

Талибан – өзүнүн мамлекети болбогон, белгилүү бир аймакка чектелген исламий кыймыл. Алардын заманбап курал-жарак даярдап алуу кубаты жок. Демек, алардын Орто Азия тарапка жүрүш уюштуруу максаты пайда болгон күндө да, алар кайсы бир курал иштеп чыгаруучу мамлекет же күчтөр тарабынан куралдандырылып,  ошол курал берген мамлекеттин максатына ылайык аракеттенет. Эгерде тажик тараптын жогорудагы маалыматтары туура болгон күндө да, ал жерде Тажикстандын коопсуздугун камсыздоо үчүн Россиянын №201- аскерий базасы жайгашкан. Ал 2004-жылдан бери Тажикстан аймагында турат. Бирок, бир жолу да натыйжалуу бирер операция өткөргөн эмес. Демек, тажик чек арасына жакын жерде кандайдыр Россиянын же Батыштын куралдары менен куралданган белгисиз топтор пайда болсо, ошол Россиянын 201-аскерий базасы жоопкерчиликти мойнуна алышы керек. Калкты,мусулман жарандарды коркутуудан пайда жок.

Куфр дүйнөсү Орто Азияда кезектеги катуу бир силкинүүгө даярдык көрүп жаткандай аракет кылууда. Алар өздөрүнө ыктаган жетекчилерди топтоп алып, алар аркылуу Орто Азия аймагында жүрүп жаткан репрессияны ого бетер күчөтүү аркылуу согуштук абал пайда кылышмакчы. Себеби, Афганистан ызы-чуусу Орто Азия мамлекеттериндеги бийликтин мусулмандарга карата репрессивдик аракеттерин мындан да күчөтүүгө шарт түзүп берет. Бул болсо, мамлекет менен мусулмандар  ортосундагы жараканы кеңейтет. Натыйжада, Афганистандагы абал Орто Азияга көчүп өтүшү үчүн өтө курч кырдаал жүзөгө чыгат. Бул сыяктуу чыккынчы жетекчилерибиз өздөрүнүн жеке тынчтык жана жыргалчылыгы үчүн, билип туруп өз өлкөлөрүн кыйроого алып бара жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here