Сирия тууралуу суроого жооп

230
0

Сирия тууралуу суроого жооп

Ассаламу алайкум. Аллах сиздерден ыраазы болсун жана салих амалдарыңыздар үчүн акыретте үлкөн сыйлыгы менен сыйласын.

Суроо: Бүгүнкү күндө Сирияны бомбалап жаткан мамлекеттердин негизги максаты эмне?

Ва алайкум ассалам ва рахматуллохи ва баракатуху.

Жооп:

Сирияда согуш алып барып жаткан эл аралык саясатта таасирге ээ мамлекеттер негизги эки максатта жана эки жол менен иш алып барууда.

Биринчиси: Сирияда аскерий жана саясий иштерге катышып жаткан ири мамлекеттер (АКШ, Россия…) эл аралык саясаттагы өз таасирин күчөтүү же сактап калуу максатында иш алып барууда. Алардын ар бири өз кызыкчылыктарынан келип чыгып, саясий жана аскерий иштерди алып барышууда. Мындан тышкары, колония талашуу, нефт тармагын көзөмөлдөө сыяктуу ар бир ири мамлекеттин өзүнө ылайык кызыкчылыктары да бар. Жыйынтыктап айтканда, Сирияда АКШ башчылыгындагы Батыш мамлекеттери өз ара бири-биринен, а түгүл Орусия менен кызыкчылык талашууда. Сирия жана ал жердеги мусулмандар ушул мамлекеттердин ортосундагы күрөштө фронт майданы болуп калды.

Экинчиси: Куфр дүйнөсү Исламий мабдаий системага каршы баары биригип күрөш алып барууда. Тагыраагы, Сирияда куфр менен Исламдын ортосунда идеологиялык күрөш жүрүп жатат. Бул күрөштө эл аралык саясат жана бүткүл куфр системасы бир максатта иш алып барууда. Идеологиялык күрөш исламга каршы каратылып, Сирияда мабдаий ислам күчөп бараткандыктан, ага каршы аскерий кыргындар жүрүп жатат.

Демек, Сирияда согуш алып барып жаткан мамлекеттердин негизги эки максаты бар. Биринчиси, ар биринин өз өзүнчө материалдык кызыкчылыктары. Экинчиси, баарынын Ислам идеологиясынын пикирий жетекчилигине жана аны алып келүүгө аракет кылып жаткан исламий чөйрөгө каршы күрөш.

Маселен каапырлардын “ИШИМ” уюмун пайда кылуу жана анын атынан жийиркеничтүү кылмыштарды сүрөткө тартып бүткүл дүйнөгө таркатуу ишин алалы. Бул иштен көздөлгөн максат, ушул уюм жарыялаган мамлекетти дүйнөгө каралап көрсөтүп, чыныгы Исламий мамлекетке умтулуп жаткан мусулмандардын түшүнүгүн чалгытуу. Бул идеологиялык күрөшкө өтө маани берилип, өзгөчө АКШ тарабынан алга сүрүлүп жатат.

Ал эми АКШ, Франция жана Англиянын Сирияга карата биргелешкен ракеталык чабуулу Орусия каршы саясий жана аскерий күрөшкө мисал болуп калды.

Тилекке каршы эң кейиштүү нерсе дүйнөдөгү колонизатор мамлекеттер бул эки максатын ишке ашыруу үчүн мусулмандар жайгашкан өлкөлөрдү майдан кылып алышты. Бул иштер дүйнөлүк куфр системасынын жардамында биргеликте алып барылууда. Ошондуктан дүйнөлүк аракетке каршы мусулмандар дүйнөлүк деңгээлде бир бүтүн денеге айланып иш алып баруусу керек. Тагыраагы, бүткүл дүйнө мусулмандары Сирияда болуп жаткан куфр зулумдарына каршы ыйманий чөйрөгө негизделип бир максат менен иш алып баруусу шарт. Анткени дүйнөлүк куфр системасы ааламдагы ар бир мамлекетти башкарып жатат. Ага каршы мабдаий күрөш алып барууну каалаган ар бир мусулман өз өлкөсүндө туруп ушул куфр системасына каршы күрөшө алат.

Мына ушул күрөштөн корккон куфр системасы акыркы учурда “Салттуу Ислам, Мээлүн Ислам” аталышындагы долбоорлор негизинде иш баштады. Алардын негизги максаты, дүйнөлүк куфр системасынын мусулмандарга каршы дүйнө бойлоп алып барып жаткан зулумдарынан үммөттү чалгытып, аларды мекенчилдик, улутчулдук негизиндеги бузук чөйрөгө алып кирүүдө. Муну менен мусулмандарды экинчи даражалуу маселелер менен алек кылууну көздөп жатат.

Демек ар бирибиз өз жерлерибизде туруп, дүйнөлүк куфр системасына каршы исламий мабдаъий саясий күрөш алып баруу менен Сириядагы мусулман бир туугандарыбыз менен бир сапта дүйнөлүк куфр системасына каршы күрөшүп жаткан болобуз инша Аллах. Ушул жол менен гана Сирия жана башка жерлердеги мазлум боордошторубузга жардам бере алабыз. Муну менен Аллахтын рахматы жана мээриминен үмүт кылабыз!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here