Майк Помпео: Орусия менен “жумшак мамиле” доору бүттү

267
0

Майк Помпео: Орусия менен “жумшак мамиле” доору бүттү

 Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурунку директору, АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусия менен жумшак мамиле алып баруу саясаты бүткөнүн билдирди.

“Орусия агрессивдүү иш алып баруусун улантып жатат. Көп жылдар бою алып барылган жумшак саясат алардын агрессиясына каршы эмне кыла алды? Эми мындай болбойт”,- деди Помпео Конгресске жолдогон катында.

 Ал Орусияга карата колдонула турган санкцияларды атады.

“Дипломаттарды чыгарып жиберүү, Америка армиясын күчөтүү, өзөктүк куралды өнүктүрүү, Украина жана Грузия чек араларында Орусия экспанциясына каршы күрөшө ала турган кишилерди куралдандыруу” ушулардын катарынан.

“Бул тизме мындан да узун. Бул тизмеге дагы кошумча кылуу ыктымалы жогору”,- деди Помпео.

 “Биздин админстрация президенттин улуттук коопсуздук стратегиясында Орусияны өлкөбүзгө коркунуч катары атоосун анык түшүнүп алуу керек. Биздин Орусия менен дипломатиялык алакаларыбыз татаалдашып барууда”,- деп кошумча кылды мамлекеттик катчы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here