Орусия ШКУ мүчөлөрүн 8000 куралданган согушкер менен коркутту

299
0

Орусия ШКУ мүчөлөрүн 8000 куралданган согушкер менен коркутту

Сириядан Афганстанга өткөн 8000ге жакын согушкер Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч жаратат. Бул тууралуу Орусия Федералдык коосуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орунбасары Сергей Смирнов ШКУнун 32-отурумунда билдирди.

“Сирияда террористтер талкалангандан кийин ал жердеги куралдуу согушкерлер Иран жана Түркия чегаралары аркылуу Афганстандын түндүк аймактарына өткөн. Бул маалымат ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук жана чалгын кызматтары тарабынан аныкталган”,- деди Смирнов.

Смирновдун айтымында, Афганстанга өтүп жаткан согушкерлердин арасында мурунку Советтер союзундагы мамлекеттердин, айрыкча, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын көптөгөн жарандары бар.

Кабарда айтылышынча, ШКУ жыйынына катышкандар “террордук” коркунучту минималдуу даражага азайтуу үчүн кошумча чараларды көрүүгө келишишти. Ага ылайык, ШКУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү коопсуздук органдары ортосунда “террордук” жамааттар менен иштешкен адамдар тууралуу маалыматтарды бири-бири менен алмашып турушат. Алардын Афганстан аймагына кирип келишине тоскоолдук кылуу үчүн чегара сакчылары тарабынан кимдигине аныктык киргизилет. “Террорчулардын” интернет тармагы аркылуу орноткон алакаларын аныктоо да ушул келишимдин катарынан.

Смирнов акыркы төрт жыл ичинде ШКУ мамлекеттеринин чалгын кызматтары 600дөн ашык “теракттын” алдын алышканын жана 500дөн ашык “террорчуларды” даярдаган базаларды жок кылышканын кошумчалады.

Шанxай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррор комитетинин 32-жыйынына Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Кытай, Индия жана Пакистандын атайын кызматтарынан келген жетекчилер катышты.

Түркистон:

Афганстанда башталган кырдаал Орто Азия бойлоп биз айткан саясий тахлилдер боюнча жүрүп жатат. Орусия Афганстан жана Орто Азияга карата АКШ түзгөн стратегияга паралелл иш алып барууда. Тагыраагы ал АКШ Афганстанда пайда кылып келаткан жасалма аскерий коркунучтардын акыйкатын ачып бере албады. Тескерисинче, Орусия кудум Сириядагыдай АКШнын Борбор Азияга карата фитна негизинде алып барып жаткан ыплас максатына жана кызыкчылыгына ылайык позицияны ээледи. Орусия өзүнүн стратегиялык майданы болгон Орто Азияга карата өз кызыкчылыгы негизинде тура албай, каршылашы менен кызматташууга ыраазы болду. Анын өзү үчүн пайдасыз позицияда турушу, эл аралык саясатта алсыз жана төмөн акыбалга түшүп калганына далалат кылат. Орусия өз таасири астындагы аймактарда жүз берип жаткан жараяндарга таасир өткөрүү, өзгөртүү же каршылаштарынын таасирин жоготуу стратегиясынан эмес, бул окуялардан өзү үчүн бирер кызыкчылык издөө менен гана убара болуп калды. Бул эл аралык саясатта жетекчи мамлекеттин позициясы эмес!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here