АКШ малайлары Эрдоган, Руханий жана Путиндердин маскалары ачылды

287
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

АКШ малайлары Эрдоган, Руханий жана Путиндердин маскалары ачылды

Америка Корея жана Кытайга байланыштуу кризисин чечип алганча, бул үчөө Сирия режимин сактап турушмакчы

Россия, Иран жана Түркия президенттери 2018-жылы 4-апрелде Анкарада жолугушту. Ушундан соң алардын жыйынтыктоочу билдирүүлөрү жарыяланды. Анда айрым жактар ашкере айтылып, айрымдары жашырылган болсо да, бирок, алардын максаттары ачык көрүнүп турду. Тактап айтканда, бул үчөө Шам калкынын исламий башкарууну тикелөө аракеттерине каршы туруп, Сириядагы Америкага малай режимди сактап калууга жан үрөп аракет кылышууда:

Мисалы, Эрдоган ушуга чейин алдап келди жана дале алдап жатат. Ал «Ефрат калканы» амалиятына согушкерлерди тартып, ал аркылуу Алеппону режимге сатып кетти. Андан соң, «Зайтун бутагы» амалиятын баштап, мында да согушкерлерди Афринге тартып кетип, натыйжада Идлиб түштүгүн, анын артынан Чыгыш Гутаны сатып жиберди. Эми согушкерлер Идлибге топтолгондо, Эрдоган кайра дагы бир фронтторду ачат да, анан аларды ошол фронтторго тартат. Ошентип, Идлибди да сатып жиберет.

Руханий-Хуманаий тууралуу айта турган болсок, анын революция сакчылары жана Ливан хизбинен турган Сириядагы жалданма желдеттери – Шам залимин сактап калуу үчүн – адамдарга кыргын салып жатышат.

Путинге келсек, анын Сириядагы кылмыш жана кыргындарын бардык жактан угуп-көрүүгө болот. Ал бул кылмыштарын Эрдоган менен Руханийге окшоп жаап-жашырып олтурган жок. Эрдоган менен Руханий өздөрүн «мусулманбыз» дешкени үчүн, алдоолорду иштетип жатышат. Ал эми Путинге болсо мунун кажети жок. Анткени, ал Ислам жана мусулмандарга ачык душман.

Бул үчөө тең Сириядагы Америкага малай режимди сактап калуу менен алектенип, ал жерде кыргын салып жатышат. Негизи, Сириядагы башкаруу Америка таасири жана көзөмөлү астында экенин баары жакшы билишет. Ушуну билип турушса да – Америка Чыгыш Азия, Түндүк Корея жана Кытайга тиешелүү кризистерин алаксыбастан чечип алышы үчүн – бул үчөө анын ордуна иштеп берип жатышат. Эгер аз гана акыл жүргүзүшкөндө, мындан башкача иш кылышкан болушар эле. Бирок, шайтан өз досторунун үстүнөн өкүмдарлык кылат!

Эгер куралдуу топтор ыфлас акча жана коркутууларга алдырышпаганда, ал кылмышкерлер мындай кылмыштарын кыла алышмак эмес. Алар баткакка батып калышкан болор эле. Ушул орунда Хизб ут-Тахрир бул топторго болуп жаткан окуялардын чыныгы маани-маңызын түшүндүрүүдө мээнетин аябады. Бирок бул топтор «алар бизди акча жана курал-жарак менен колдоп-кубаттап жатышат, Хизб болсо муну кыла албайт, ал болгону Хизб насихат гана кылат» деген шылтоону айтышып, кылмышкерлердин артынан ээрчишти. Алар дагы «насихат кылычтын ордун баспайт» деп да айтышты. Негизи, кылыч аң-сезимдүү адамдын колунда болсо гана ал душмандан коргой ала турган калканга айланат жана душманды жеңе турган курал болот. Ал эми, кылыч алданган аңкоо адамдын колунда болсо, анда ал душманды өлтүрүүдөн мурун өзүн өлтүрөт!

Бул топтор насихатыбызды четке кагып, пайдасыз куру кеп дешти. Алар акча жана курал менен жардам көрсөтүлүшүн каалап, муну араб, түрк жана фарстардан турган саткын мусулмандардан табышты. Жада калса, алардын айрымдары россиялык жана америкалык кылмышкерлерден да мына ушундай жардамдар алып, бул ыфлас каражаттар Шам үчүн согушууга тоскоолдук кылбайт деп ойлошту. Биз аларга жүздөнүп мындай дейбиз: «Мына эми, кылган ишиңердин жана айткан кебиңердин акыбетин көрүп турасыңар, ал тургай, эли-жериңерден куулуп кеттиңер».

Бирок ошондой болсо да, Уммат – Аллахтын изни менен – эч качан жеңилбейт. Болгону, жеңиш жана жеңилүү адамдар арасында айланып турат. Уммат кресттүүлөр жүрүшүндө жана монгол-татарлар баскынында мындан да катуу сыноолорду баштан кечирген. Жана кайра бутка туруп, аларды түп-тамыры менен омкоруп таштап, кайрадан дүйнөгө өкүмдарлык кылган.

Туура, ал кезде Ислам өкүмү колдонулуп, мейли алсыз болсо да Халифалык бар эле. Душманга каршы согушуп, хакты көтөрүп, батылды жоготуш үчүн мусулмандар башын бириктире турган жетекчиси бар эле. Ошон үчүн Уммат душманын жеңип, кайрадан бутка турган. Бүгүн болсо Ислам өкүмдөрү колдонулбай жатат жана Халифалык да жок. Демек, анда согушуу үчүн мусулмандарды ким бириктирет? Аллахтын урухсаты менен, Халифалыкты тикелөө үчүн катуу аракеттер жүрүп жатат жана бул мусулмандардын башкы талабына айланды. Алар муну сөздөрүндө да, иш-амалдарында да көрсөтүп жатышат. Мусулмандар Халифалык жоюлган ошол кара күндөрдү түгөтүп, аны өзгөртүү үчүн аракеттерди башташты. Бу иш Аллахка эч бир кыйын эмес жана Ал Зат бул үчүн бир күндү белгилеп койгон. Мына ошондо залимдер, саткындар жана кылмышкерлер кандай акыбетке кептелишкенин билип алышат.

Эй мусулмандар!

Сирияга каршы кылмыштар кылып жаткан бул үчөө – кафири да, мунафыктары да – эч качан кадыржамдыкка жетише алышпайт. Аларга өздөрү күтпөгөн тараптан азаб келет. Анткени, мурун да Шам бул кылмышкерлердин өтмүштөштөрү тарабынан балээ-сыноолорго учураган, жана ал аман калган, кылмышкерлер болсо өлүп жок болуп кетишкен. Аллахтын изни менен, жакында дагы ошондой болот.

 إِنَّ اللهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا 

«Албетте Аллах Өзү (каалаган) ишине жетүүчү. Аныгында, Аллах бардык нерсе үчүн кадар-өлчөө кылып койгон» [Талак:3]

Эми, казармаларда быкшып жаткан мусулмандар армияларына айтар сөзүбүз мындай: силердин ишиңер абдан калети болуп жатат. Акимдериңер силерди мусулмандарды кырууга жумшаса, аны «абийирдүү» аткарып жатасыңар. Ал эми мусулмандар силерди жардамга чакырганда болсо, өлүктөй сенейип, аларды жардамсыз таштап койдуңар. Ал акимдериңерге моюн сунуу бул дүйнөдө шерменделик, ахиретте азаб экендигине карабай, аларга итаат кылууну шылтоолоп олтурасыңар. Негизи болсо, кыямат күнү «биз кожоюндарыбызга моюн сунган элек» деген шылтооңор өтпөйт.

 يَوْمَ تُقَلَّبُ وُجُوهُهُمْ فِي النَّارِ يَقُولُونَ يَا لَيْتَنَا أَطَعْنَا اللهَ وَأَطَعْنَا الرَّسُولَا * وَقَالُوا رَبَّنَا إِنَّا أَطَعْنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَاءَنَا فَأَضَلُّونَا السَّبِيلَا 

«Жүздөрү отто айландырыла-күйгүзүлө турган күндө, алар: Кана эми, биз да Аллахка итаат кылганыбызда, пайгамбарга итаат кылганыбызда, – дешет. Дагы алар: Роббибиз, чынында биз башчыларыбызга жана чоңдорубузга моюн сундук эле, алар бизди (туура) жолдон азгырышты, – дешти» [Ахзаб:66-67]

Бирок, ушундай болсо-да, кылмышыңар кечирилиши үчүн силерде мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн Аллахтын динине жардам берип, залим жана мунафиктерге, колонизатор кафирлерге байланган аркандарды үзүп таштагыла жана жер бетинде Ислам өкүмүн кайта тикелегиле. Бу силер үчүн каффарат болуп калса ажеп эмес. Албетте, бул сөздү айткан Аллах Таала акыйкатты айтуучу:

 وَإِنِّي لَغَفَّارٌ لِمَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا ثُمَّ اهْتَدَى 

«Жана Мен тообо кылган о.э. ыйман келтирип жакшы амалдар кылган, соң туура жолго жүргөн кишилерди кечирүүчүмүн» [Тоха:82]

Биз бүткүл мусулмандарга мындай дейбиз: Аллахтын рахматынан үмүтсүз болбоңуздар. Шам келечекте да Шам бойдон калат. Анткени, ал – Ислам диярынын борбору. Ахмад өзүнүн «Муснад»ында Жубайр ибн Нуфайрдан риваят кылат, аларга Салама ибн Нуфайл мындай хабар кылган: Ал Набий ﷺдын алдына келгенде, Набий ﷺ мындай деген:

«أَلَا إِنَّ عُقْرَ دَارِ الْمُؤْمِنِينَ الشَّامُ»

«Билип кой, муминдер диярынын борбору – Шам». Нуайм ибн Хаммад «Фитналар» китебинде Касир ибн Муррадан кылган риваятта мындай делет: Росулуллох ﷺ айтты:

«عُقْرُ دَارِ الْإِسْلَامِ بِالشَّامِ»

«Ислам диярынын борбору – Шам».

Сөзүбүздүн акырында айтарыбыз, Хизб ут-Тахрир өз калкын алдабай турган жетекчи. Ал Уммат менен бирге жана ал аркылуу өз ишин жүргүзүп, Аллахтын фазли менен акыйкат үстүндө бекем турууда. Ал өз фикраты жана тарыйкатын ушул кезге чейин эч бир өзгөрткөн жок жана өзгөртпөйт дагы. Анткени, анын фикрат жана тарыйкаты хак-акыйкат.

 فَمَاذَا بَعْدَ الْحَقِّ إِلَّا الضَّلَال 

«Акыйкаттан кийин жолдон адашуу гана бар» [Юнус:32]

Хизб Роббиси менен кудуреттүү, дини менен күчтүү. Ал Аллахтын убадасы өзүнүн колунда ишке ашуусун Хаким, Азиз Аллахтан жалбарып сурайт.

 وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ 

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга – куду  илгери өткөн (ыймандуу) заттарды халифа кылганындай – аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды» [Нур:55]

Росулуллох ﷺдын башараты Хизб жана анын мүчөлөрү о.э. бардык мусулмандар үчүн жүзөгө чыгышын да Аллахтан сурайт. Абу Дауд Таялисий Хузайфадан чыгарган хадисте Росулуллох ﷺ айтты:

«… ثُمَّ تَكُونُ جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«…Соң жабыр көрсөтүүчү болот жана ал Аллах каалаганча болот. Соң Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Соң пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

О.э. Ахмад да төмөнкүдөй лафзда риваят кылган: Росулуллох ﷺ мындай деди:

«… ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«…Соң жабыр көрсөтүүчү падышалык болот жана ал Аллах каалаганча болот. Соң Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Соң пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

Хизб Аллахтын нусраты келеринен көңүлү ток. Анткени, нусрат пайгамбар жана элчилерге эле эмес, садык муминдерге да келет. Нусрат ахиретте эле эмес, бул дүйнөдө да болот.

 إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ 

«Албетте Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга бул дүйнө турмушунда да, күбөлөр тура турган Күндө (кыяматта) да нусрат беребиз» [Гофир:51]

Ошо күндө муминдер Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. Кылмышкерлерге бул дүйнөдө кордук, ахиретте болсо ачуу азаб жетет. Аллах өч алуучу, күчтүү, кудуретүү, Хаким

Хизб ут-Тахрир

12-ражаб 1439-х.

5-апрель 2018-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here