Эрдоган кайсы сапта экенин ачыктады

290
0

Эрдоган кайсы сапта экенин ачыктады

Түркия өкмөтү Вашингтон менен союздаш болуу аркылуу Орусия менен шериктикти Иран менен кызматташтыкты бекем кармайт. Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган бейшемби күнкү темир жол долбоорунун ачылыш ырасымында ушул маселени көтөрүп чыкты. Анын ырасташынча, Кытай, Иран жана Орусия менен болуп жаткан алакалар Батыш менен болуп жаткан алакалардын ордун баса албайт.

“Биз АКШ менен болгон союздаштыгыбызды бузуу ниетибиз жок. Ушул эле учурда Орусия менен шериктигибизди жана Иран менен кызматташтыгыбызды да улантабыз”,- деди Эрдоган.

“Хабертүрк” кабар агенттиги АКШ  расмийи журналисттерге берген интервьюсунда Түркия менен Америка жетекчилери өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуп жатканын билдирди.

“Буйрук жогорудан, тагыраагы, Трамптан келет. Түркия менен АКШ жарым кылымдан ашык убакыттан бери НАТОдо союздаш. Бул абал өзгөрөт же Түркия АКШдан башкасын абзел көрөт, деп ойлобойм. Түркия менен АКШ ортосунда көптөгөн тармакта, айрыкча террорго каршы кызматташтык уланууда. Чалгындоо маалыматтарын алмашуу жана дипломатия тармагында олуттуу кызматташтыктар кылынды. Туура, Түркия Орусия менен да кызматташууда. Бирок, бул кызматташтык союздаштык эмес”,- деди АКШ расмийи.

Эрдоган Сирия баары үчүн коопсуз аймакка айланганга чейин Түркия ал жердеги барлыгын сактап калуусун белгиледи.

 “Асад режимин колдоп-кубаттап жаткандардын баары ката кылып жатат. О.э (ПЙД) террорчу уюмун колдоп-кубаттап жаткандар да катага жол коюуда. Бирок биз акырына чейин бул эки катага каршы турууну уланта беребиз. Биз Сирия жана Иракта бул оюн токтотулушун жана беткаптардын сыйрылышын каалайбыз”,- деп кошумча кылды Эрдоган.

Бирок Эрдоган (ПЙД) террордук уюмун, “Түркиянын союздашы” АКШ колдоп-кубаттап атканына, Асад режими болсо “Түркиянын шериги жана кызматташы” Орусия менен Иран тарабынан колдоп-кубатталып жатканына токтолбоду.

Эрдоган бул кетишинде тарыхта эки жүздүү саясатчы катары жазылып калат!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here