Маргил: Яхудийлер эң жакшы күндөрүн Халифалык мамлекетинин коргоосунда жашаган

313
0

Маргил: Яхудийлер эң жакшы күндөрүн Халифалык мамлекетинин коргоосунда жашаган

(Израил) түштүгүндө жайгашкан Ашкелон соту тарабынан чыгарылган чечим аймактын 11,1 пайызын түзгөн ультра-православ яхудийлеринин кыжырдануусуна себеп болду. Анткени, сот мейманканада каза болгон бир жарым айлык ымыркайды көмүүдөн мурун ичин ачып, текшерүүдөн өткөргөндөн кийин ички органдарын алып калуу тууралуу чечим чыгарды.

Бул чечимге каршы нааразылык акциясына чыккан ультра-православ яхудийлеринин бири Бен Тзиён Маргил журналисттерге интервью берип жатып, (Израил) өкмөтү диндар яхудийлерге да, палестиналыктарга да зулумдук кылып жатканын билдирди. Анын ырасташынча, яхудийлердин Усманий Халифалык мамлекетинин коргоосунда өткөргөн күндөрү алар үчүн эң жакшы күндөр болгон.

“(Израил) бизге да, палестиналыктарга да зулумдук кылууда. Түрктөрдүн кайрадан бул жерлерге кайтып келишин каалайбыз, тагыраагы (Израил) курулганга чейин өкүмдарлык кылган мамлекет бул жерлерге кайрадан өкүмдарлык кылуусун каалайбыз. Анткени биз үчүн эң жакшысы мына ушул. Яхудийлер эң жакшы күндөрүн Усманий мамлекеттин коргоосунда жашаган. (Израил) демократиялык мамлекет болуп, Тооратка байланышы жок, диний вазыйпаларды колдонууну каалабайт”,- деди Маргил.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here