Казакстан Ливанга тынчтыкты сактоо күчтөрүн жиберет

294
0

Казакстан Ливанга тынчтыкты сактоо күчтөрүн жиберет

 Казакстан Ливанга тынчтыкты камсыздоо боюнча БУУнун миссиясы алкагында аскер кызматчыларын жөнөтүү үчүн даярдык иштерин баштады. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министринин орун басары Талгат Мухтаров кабар берди.

 “Биз азыр башкармалыктын аскерлерин тынчтыкты сактоочу миссиялардын бирине жиберүү үчүн даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз. Биз тынчтыкты сактоо миссиясына буга чейин атайын кызматкерлерибизди, штаб кызматчыларын күзөтүүчү катары жиберүү менен катышып келгенбиз”,- деди Мухтаров.

 Анын айтымында, учурда ротаны жиберүү үчүн даярдыктар жүрүп жатат. “Биз бардык керектүү жараяндардан өттүк. Эми өзгөчө жактар менен стандарттуу жараяндар калды. Күзгө чейин биз ротаны жиберебиз. Болжолдуу 120 киши миссиялардын бирине жиберилет. Алдын ала маалыматтар боюнча бул Ливандагы миссия”,- деп кошумчалады Мухтаров.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here