Халифалык кулатылганынын 97 жылдыгы

282
0

Халифалык кулатылганынын 97 жылдыгы

Ражаб айында мусулмандар Халифалык мамлекетин жоготушканына токсон жети жыл болду. Имам Бухарий Абу Хурайра розияллоху анхудан риваят кылган хадисте Росулуллох соллаллоху алайхи ва салам айтат:
وَإِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ
«Имам – калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат».
Халифа жок болгон күндөн тартып, жеп тойгус арамзалар өз табагына жутунгандай бүткүл мусулмандарга чабуул кылышты, шариятыбыздын өкүмдөрүн бекер кылып, бизди кырсыктарга кириптер кылышты. Бир бүтүн мамлекетибизди бытыранды мамлекетчелерге бөлүп салышты, байлыктарыбызды талап-тоноп, каныбызды дайра кылып төгүштү, эки киблабыздын биринчисин, Расулуллах соллаллоху алайхи ва саламдын Исро жана Миърож жерин тебелешти, алардын зулумуна жана кыргынына туш болбогон мусулман калбады. Зулум, кыйноолор жана кыргындар Сирия, Ирак, Чыгыш Түркстан, Бирма, Борбор Африка жана башка өлкөлөрүбүздөгү бардык мусулмандарга чейин жетти.
Ушул күндөрдө куфр колонизаторлору кошуна Афганистан жеринде жасалма түрдө дүрбөлөң көтөрүү аркылуу Орто Азияда да Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү жаңы баскычка алып чыгышууда. Колонизатор мамлекеттер өзгөчө «муътадил ислам» долбооруна жол ачуу максатында мабдаий даъватты көтөрүп чыккан даъватчыларга каршы күрөштү күчөтө башташты. Бу күрөштө расмий бийликтин зулумдары алсыз аялдарды да жалмап өтүүдө. Алар алсыз аялдарды тергөөдө акараттоо, жада калса, зордуктоо менен коркутуп, көп балалуу аялдарды камакка алууну улантышууда. Орто Азия мамлекеттеринин малай акимдери сакалга, хижабга каршы кеңири көлөмдө кампания баштап, мечитке киргендиндин курагын чектешкен болсо, мектепте окуган кыздарга жоолук оронууга тыюу салышты. Малай акимдер Исламга каршы күрөштө мунун менен гана чектелбестен, жада калса мусулмандарга өз перзенттерине исламий ысымдарды коюуга тыюу салганга чейин батынышты.
Мусулмандар кордолушту, зулум тартышты, алардын саны көп экенине карабастан, ач карышкырлардын курчоосунда калып, башка калктар жапырт талаган олжолорго айланышты. Мусулман өлкөлөрү ыдыратылды, сый-урматы, ар-намысы, ыйык нерселери тебеленди, байлыктары талап-тонолду, мусулмандарды бөлүп жарган чегаралар орнотулуп, жашоодон Аллахтын шарияты алып сылынды, мусулмандарга батышчыл, өз элинин кызыкчылыгынан жүз үйрүп, колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргогон малай акимдер өкүмдар болуп алды. Биз бүгүн Расулуллах соллаллоху алайхи ва салам айткандай, селдин көбүгү сыяктуу болуп калдык!
Кафир мамлекеттер он тогузунчу кылымда пикирий согушту баштап, мусулмандарга Ислам пикирлерин бузуп көрсөтүү аркылуу ондогон жылдар бою Халифалыкка сокку беришкен болсо да, Аллахтын фазилети жана ырайымы менен, бүгүн Халифалыкты талап кылган добуштар улам бийик жаңырууда. Индонезиядан тартып Малайзия, Пакистандан тартып Түркия, Шам, Ливан, Палестинадан тартып Орто Азия, бардык мусулман өлкөлөрү Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү алып барган аракеттерге жана иш-чараларга күбө болду.
Өз бийлигине ээ Халифалык мамлекетисиз жашоодо Ислам болбойт. Ушул мамлекет Ислам шарияты менен өкүм жүргүзүп, Аллах адал кылган нерсени адал, Аллах арам кылган нерсени арам кылат, мусулман жана кайрымусулман жарандарына шаръий өкүмдөр менен камкордук көрсөтүп, адилеттикти, коопсуздукту жана тынчтыкты орнотот. Бүткүл адамзат Ислам нурунан жана хидаятынан ырахат алп, колонизатор зордоп орноткон репрессиячыл режимдердин зулумунан кутулушат. Ислам Үммөтү мурунку абалына кайтат т.а. инсандар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөткө, роббаний рисалага ээ Үммөткө айланат. Бул Үммөт бузгунчу материалдык хазаратка кул болууну четке кагып, бүткүл адамзатты анын ыпластыгынан жана балээлеринен куткарууга киришет, инсандарды Ислам адилетине жана рахматына алат.
«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар» [24:55]
Росулуллох соллаллоху алайхи ва салам айтат:
«Аллах мага жерди чогултуп көрсөттү, ошондо анын чыгышынан тартып батышына чейинки бардык жерлерин көрдүм. Үммөтүмдүн бийлиги мага чогултуп көрсөтүлгөн жерлерге чейин жетип барышы анык».
Хизб-ут-Тахрир Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here