БУУ Чыгыш Гутага жардам катары курттаган азыктарды жиберди

345
0

БУУ Чыгыш Гутага жардам катары курттаган азыктарды жиберди

 Сириянын Чыгыш Гута аймагына жиберилген БУУнун гуманитардык жардам пакетиндеги азык-оокаттар эскирип, курттап кеткени маалым болду.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирияда Асад армиясы менен Орусия аба күчтөрү тарабынан тынч калк кыргын кылынгандан кийин бир айга гуманитардык келишим түзүү тууралуу резолюция кабыл алган эле. Ушул резолюцияга ылайык, БУУ тарабынан 27500 адам үчүн жардам катары буудай уну, жаш балдар үчүн атайын азык-оокаттар таркатылган. Бирок, БУУнун Чыгыш Гута калкына жиберген азык-оокаттар ачылганда анын ичинен курттар чыкканын жергиликтүү тургундар билдирип чыкты. Социалдык тармактарга чыккан видеолордо БУУга таандык кайрымдуулук уюмдар тарабынан жиберилген азыктардан курттар чыккандыгын көрүүгө болот. Кабарларда айтылышынча, пакеттелген азыктардын айрымдары курттап кеткен болсо, айрымдарынын колдонуу мөөнөтү эчак эле өтүп кеткен.

Курттап кеткен азыктардын сүрөттөрүн социалдык тармактарга бөлүшкөн сириялыктардын айтымында, жардам үчүн келген айрым азыктар чирип кеткендиктен колдонууга жарабай калган.

https://www.iha.com.tr/video-bmnin-yardim-paketlerinden-kurtlanmis-yiyecek-ciktigi-iddiasi-116798/

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here