Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери Астанада жолугушат

231
0

Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери Астанада жолугушат

15-мартта Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилеринин жолугушуусу болуп өтөт. Бул тууралуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин маалымат кызматы кабар таркатты.

Жолугушууга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан жетекчилери катышат. Ал эми, Түркмөнстан президенти алдын ала пландаштырылган жогорку даражалуу жолугушуусу себептүү, Түркмөнстандан мамлекеттик Межлистин төрайымы А.Т. Нурбердиева катышат”,- деп айтылат кабарда.

Казакстандык саясат таануучу Ерлан Карин боло турган жолугушуу саммит эмес, “кеңешме” жолугушуу алкагында өтөөрүн белгиледи.

“Ушуга карабастан иш-чара аймактагы кызматташтыктын олуттуу өзгөрүүсүнөн кабар берет. Анткени, узак жылдардан бери Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери башка уюмдардын майдандарынан (ШКУ, КМШ ж.б) өзүнчө абалда өздөрүнүн демилгеси менен алгачкы жолу жолугушууда”,- деп жазды саясат таануучу.

Казакстан президентинин маалымат кызматынын жетекчиси Кайрат Абдурахмонов өткөн жылдын күз айларында Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилеринин Астанада жыйын өткөрүү ниети бар экенин маалымдаган. “КазИнформ” эл аралык маалымат агенттиги аймактагы  жетекчилердин арасында “салттуу достук жана бир туугандык” байланыштар бекемделип баратканын билдирди.

Евро Биримдиктин Орто Азия боюнча өкүлү Петер Буриан да боло турган иш-чараны жактап чыкты.

“Мамлекет жетекчилеринин өздөрү башка шериктерсиз, келечек тууралуу багыттарын талкуулашын, тосуктарды жеңип өтүүдө өздөрүнүн аймактык стратегиясын өнүктүрүүсүн каалайбыз”,- деп билдирди Буриан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here