Жээнбеков: Борбор Азияда “Ислам мамлекети”  идеологиясын жайылтуу күчөп барууда

284
0

Жээнбеков: Борбор Азияда Ислам мамлекети”  идеологиясын жайылтуу күчөп барууда

 Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун билдиришинче, региондо “Ислам мамлекети” идеологиясын жайылтуу күчөп барууда.

 Сооронбай Жээнбеков: “Борбор Азияда “Ислам мамлекети”жана ушул сыяктуу уюмдардын идеологиясын жайылтуу күчөп барууда о.э. алар  биздин жарандарды өз сабына тартуу үчүн активдүү аракет кылып жатышат. Учурда эл аралык аренада кырдаал абдан тез өзгөрүлүп жатат, биз пайда болгон чакырыктарга өз учурунда жооп берүү үчүн КМШга катышуучу-өлкөлөрдүн күч аракетин бириктирүүгө тийишпиз”, – деди.

Туркистон: 

Жээнбеков айтып жаткан сөздөрүнүн маанисин өзү түшүнө алса жакшы болмок! Балким ошондо, дүйнөлүк куфр системасынын көрсөтмөсү менен тоту куш сыяктуу исламий коркунучтарды айтып, калкын коркутпай калар беле! Өкүнүчтүүсү, бул президентибиз да “Ислам мамлекети” уюмун шылтоолоп, Ислам идеологиясына каршы позицияны карманууда!

Төмөндө Жээнбеков сыяктуулардын акылы жетпеген, же атайылап эле билмексен болуп жаткан бир нече мисалдарды келтиребиз: Путин “Афганистанда “Ислам мамлекети” менен “Талибандын” ортосунда согуш чыгары күтүлүүдө” деди. “Талибан” Афганистанда ондогон жылдардан бери бар экендиги баарыбызга белгилүү. Аны афган калкы аскер менен камсыздап келет. Бирок, “Ислам мамлекети” уюму жакында эле, өтө кыска убакыттын ичинде пайда болду. Аларды АКШ аскерий вертолёттор менен Афганистанга жеткирип койду деген кабарлар тарады. Чындыгында, бул уюмдун кыска убакытта бир нече мамлекеттин чегарасынан өтүп кетиши мүмкүн эмес. Дүйнөдө мындай иштерди АКШ гана аткара алат. Ал тургай, Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” уюмуна бүт дүйнөдөн согушкерлер Түркия аркылуу өтүп барышы да АКШнын таасири жана каалоосу менен ишке ашкан эле. Эми, Орто Азияны коркутуу же аны согуш агымына тартуу менен АКШнын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууга умтулуп жатышат.

Ислам идеологиясын бирер уюмга чектеп болбойт. Же бирер исламий адам, жамаат же согушкерлердин ишмердүүлүгүн мисал келтирип, исламий идеологияга баа берүү мүмкүн эмес! Куфр дүйнөсү Саудия жана башка араб өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларында “ИШИМ” дүйнөкарашынын негизи болгон “такфирди” жана Шиъа агымына карата душмандык маанайды пайда кылуучу программаны окутуп келет. Ушул кайрыисламий программаны ондогон жылдар окутуунун натыйжасында “ИШИМ” уюму пайда болду! Куфр дүйнөсү бул күндү көптөн бери сабырдуулук менен күтүп келген эле! Бузук пикир пайда кылып жаткан ушул мухит “ИШИМ”дин пайда болушуна негизги пайдубал болду.

“ИШИМ” робитасы (идеологиясы)  Кыргызстанда дээрлик жок. Кыргызстанда нукура исламий идеология менен, куфрга негизделген “мээлүүн ислам” агымы бар. Негизи, күрөш ушул экөөнүн ортосунда жүрүп жатат. Мамлекет аркылуу дүйнөлүк системанын деңгээлинде “ИШИМ”ге каршы жасалма ызы-чуу көтөрүү менен бир катарда Ислам мабдасына каршы маалыматтык күрөш жүрүп жатат. Алардын максаты, “ИШИМ”ди бузуку жана жырткыч уюм катары көрсөтүп, Ислам идеологиясы негизинде, исламий тарыйкат менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб жана жамааттарды коомдон сүрүп чыгарууга аракет кылуу! Жээнбеков жогорудагы билдирүүсү аркылуу куфрдун Ислам жана мусулмандарга каршы фитна кербенине кошулганын жарыя кылды. Негизи, Жээнбековдон мындан башкача позиция күтүлгөн эмес!

Бирок, Атамбаевден мураска калган орусчул жетекчи топ мусулмандардын атынан даярдап жаткан террордук операцияларды бул киши токтотуп калат деп үмүттөнөбүз!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here