Путин Петербургдагы жардырууну теракт деп атады

246
0

Путин Петербургдагы жардырууну теракт деп атады

РФ президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы жардырууну теракт деп атады. Бул тууралуу “РИА Новости” кабарлады.

 “Өзүңүздөр билгендей, кечээ Петербургда террордук чабуул ишке ашырылды”, – деп айтты Путин.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Санкт-Петербургдагы дүкөндө болгон жарылуунун натыйжасында жалпысы болуп 13 адам жабырланды.

Санкт-Петербургда 27-декабрь күнү кечке маал Кондратьев көчөсүндөгү “Перекресток” дүкөнүндө жардыруу болуп, терөө комитети аталган факты боюнча кылмыш ишин козгогон.

Туркистон:

Санкт-Петербургда жардыруу жүз бергенден кийин Россиянын тергөө комитети бул иш террордук акт катары каралбай жатканын, бул окуя “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” катары каралып жатканын маалымдаган эле. Бирок, 2018-жылдын 18-мартында болуп өтүүчү шайлоого катыша тургандыгын билдирген Путин бул ишти теракт деп атады жана Федералдык коопсуздук кызматына “террорчуларды” жок кылууга буйрук берди.

“Кечээ күнү Петербургда теракт жүз берди. Буга чейин болсо Федералдык коопсуздук кызматы дагы бир теракттын алдын алды.… Ошол себептен улам, кечээ ФСБнын жетекчисине бул сыяктуу бандиттерди кармоо учурунда мыйзамдын алкагында аракет кылууга, ал эми кызматкерлерибиз жана офицерлерибиздин өмүрүнө коркунуч боло турган болсо катуу аракет кылууга – эч кимди туткунга алып отурбастыкка буйрук бердим”, – деди Путин.

Путин шайлоонун алдында дагы кайрадан сыноодон өткөн эски ыкмасын ишке сала баштады. Белгилүү болгондой Владимир Путин президент болуп келерининин алдында мамлекетте бир катар террордук аракеттер жүз берген эле.

Ошолордун айрымдарын атап өтөбүз:

1999-жыл сентябрь. Дагестандын Буйнакск шаарында күчтүү жардыруу болуп, “Исламий террорчу”лар айыптуу деп табылды:

1999-жыл сентябрь. Жогорудагы жардыруудан бир нече күндөн кийин Москва шаарынын Гурянов көчөсүндө кудум ушундай күчтүү жардыруу болду. 106 адам өлүп, 690 адам жараат алды:

 1999- жыл сентябрь. Арадан бир аз убакыт өтүп, 13-сентябрь күнү Москванын Каширский шоссесиндеги 8 кабаттуу үйдө 300 кг тротил эквивалентиндеги күчтүү жардыруу болду. 124 адам өлүп, 7 адам жарадар болду:

 1999-жыл 16-сентябрь. Ростов облусундагы Волгодонск шаарынын Октябрск шоссесиндеги 9 кабаттуу үйдүн алдында бомбага толтурулган ГАЗ-53 жүк машинасы жарылды. Окуя болгон жерде 18 адам, ооруканада 1 адам каза болуп, 89 адам жараат алды …

 Жогорудагы жардыруулардын уюштуруучусу болгон Путин ушул “кылмыштарды” ачууда активдүүлүк көрсөткөндүгү себептүү анын рейтинги укмуштай көтөрүлүп, 2000-жылдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетти.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here