Себастьян Курц: Мамлекетибизде саясий Исламга орун жок

324
0

Себастьян Курц: Мамлекетибизде саясий Исламга орун жок

Австриянын канцлери Себастьян Курц немец гезитине берген интервьюсунда, Австрияда Ислам 1912-жылдан бери бар экендигин, ал эми, саясий Исламга таптакыр жол бербестигин билдирди.

Ислам Австрия мамлекети тарабынан расмий таанылган диндердин бири экендигин жана ушундай бойдон калышын айткан Себастьян Курц  “Өлкөбүздө саясий Исламга орун жок” деп кошумчалады.

Канцлер Курцтун бул эскертүүсү Жакынкы Чыгыш боюнча адис катары таанылган о.э. учурда тышкы иштер министри болуп турган Карин Кнайсльдин пикири менен туура келет.

Журналист жана университетте мугалим болуп иштеп жаткан жеринен тышкы иштер министри жана канцлердин жардамчысы кызматына көтөрүлгөн Кнайсль да “мамлекет үчүн эң чоң коркунуч – бул саясий Ислам жөнүндөгү пикирлер” деп эсептейт.

Карин Кнайсль кызматка дайындалары менен: “Бүгүнкү күндө эч кандай муътадил (мээлүүн) ислам калбады”, – деген билдирүүсү менен Австрияда Исламга кандай мамиле кылуу тартибин белгилеп койгон эле.

Атасынын жумушу себептүү балалыгы араб мамлекеттеринде өткөн Кнайсль: “Адамдар бүгүн же Исламий болушу т.а. Исламга негизделген коомду кабыл алышы, же дин менен мамлекеттин иштерин ажыратууга ыраазы болушу керек. Мындан башка эч кандай жол жок”, – деген.

Туркистон:

Куфр жетекчилери чыныгы Ислам т.а. турмуштун бардык тармагын, ошону менен бирге саясатты да өз ичине алган Ислам өздөрүнүн өлкөлөрүндө эле эмес, Ислам өлкөлөрүндө да болушун каалашпайт. Алардын талабына ылайык, Ислам дини кудум христиан дини сыяктуу мечиттерге жана жеке адамдардын турмушуна чектелип, мамлекеттик иштерге таптакыр аралашпоосу керек. Алар муну “Муътадил (мээлүүн) Ислам” деп аташып, өздөрүнүн өлкөлөрүндө да о.э. мусулмандар жашаган өлкөлөрдө да ушуну каалашууда.

Куфрдун бардыгы бир улут экендигин жакшы билебиз. Ал эми, айрым мусулмандардын бул жаатта куфрдун максатына кызмат кылуусу өтө аянычтуу. Себеби, мусулмандардын өзүнөн чыккан бул “кызматчылар” куфрдун максатын ишке ашырууда жардам бербесе, алар бир кадам да илгерилей алышпайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here