Саудиянын (Израиль) менен дипломатиялык алака орнотуу үчүн жол картасы бар

202
0
Saudi Foreign Minister Adel al-Jubeir adresses Gulf foreign ministers during a meeting on December 7, 2015 in the Saudi capital Riyadh, few days ahead of the Gulf Cooperation Council (GCC) summit. The GCC summit is due to be held on December 9 and expected to focus on the conflicts in Syria and Yemen. AFP PHOTO / FAYEZ NURELDINE / AFP / FAYEZ NURELDINE (Photo credit should read FAYEZ NURELDINE/AFP/Getty Images)

Саудиянын (Израиль) менен дипломатиялык алака орнотуу үчүн жол картасы бар

Саудиянын яхудий вужуду менен толук дипломатиялык алака орнотуу үчүн жол картасы бар. Бул тууралуу Саудиянын тышкы иштер министри Адил ал-Жубайр билдирди. Министрдин айтымында, Саудия тарап дипломатиялык аракеттерди баштоо үчүн Палестина менен (Израиль) ортосундагы жарашууну күтүүдө.

Франциянын 24-каналына интервью берген Адил ал-Жубайр Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салман өкмөт иштерине аралаша баштагандан бери Саудия менен (Израил)дин ортосундагы саясатты тартипке салууда бир топ ийгиликтер болгондугун айтып өттү.

Саудиянын тышкы иштер министри: “Региондо Ирандын таасири күчөп бара жатышы Саудия жана (Израиль) үчүн тынчсыздануу булагы болуп калууда”, – деди.

Ливанда чыгуучу “Ал-Ахбар” гезити ноябрь айында, мураскор шахзада Мухаммад ибн Салмандын Саудия менен (Израиль) ортосундагы алаканы өнүктүрүү пландары тууралуу жазган эле.

Адил ал-Жубайр Франциянын 24-каналындагы маегинде АКШ саясатына баа берип, Дональд Трамп админстрациясынын Жакынкы Чыгыш маселесиндеги саясатына ыраазылык билдирди.

Адил ал-Жубайр: “Трамп админстрациясы (Израиль) жана арабдар ортосунда тынчтык орнотуу жаатында олуттуу аракет кылып жатканына ишенебиз”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here