Россия Тажикстан армиясын куралдандырат
Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги “Афганистан менен чек арада кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Тажикстанга курал-жарак о.э. техникалык каражаттарды, ошону менен бирге, байланыш каражаттарын жана аба чабуулунан коргонуучу каражаттарды, танк жана вертолётторду жеткирип берилишин” билдирди. Бул тууралуу “Sputnik” Тажикстан сайты кабарлаган.
РФ Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: “Аталган жардам Россия менен Тажикстандын ортосунда түзүлгөн эл аралык аскерий-техникалык келишимдин алкагында берилет”, – деп айтылат.
О.э. Тажикстан куралдуу күчтөрүнө ок атуучу машина, артиллерия, БТР-80, БМП-2 бронетехникалары, Т-72 үлүгүсүндөгү танктар, Ми-8 жана Ми-24 үлүгүсүндөгү вертолёттор берилет. Мындан тышкары, Россиянын авиа чабуулдан коргонуучу комплекси, медициналык жана топографиялык милдеттерди аткарууга болжолдонгон техникалар да Тажикстанга жөнөтүлүшү айтылган.
Бүгүнкү күндө Тажикстанда Россиянын №-201 аскерий базасы бар. О.э. Россиянын коргоо министрлигине караштуу авиа база Кыргызстанда да бар.