Путин КМШ өлкөлөрүнө коркунуч кайдан келип жаткандыгын билдирди

222
0
Processed with VSCO with ke1 preset

Путин КМШ өлкөлөрүнө коркунуч кайдан келип жаткандыгын билдирди

 Россия президенти Владимир Путиндин билдиришинче, КМШ үчүн коркунуч Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыштагы террорчулардан келүүдө, алар бул аймактарды экспансия үчүн майдан катары пайдаланууга аракет кылышууда. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

 КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин жыйынында Россия Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников Путиндин кайрылуусун окуп берди.

 “Анык болгондой, дүйнөдө жүз берип жаткан кырдаал, глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга дагы да натыйжалуу жолдор менен жооп кайтарууну талап кылууда. КМШ өлкөлөрү үчүн негизги коркунуч Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада аракеттенип жаткан террорчу уюмдар тарабынан болууда. Террорчулар аталган аймактардан экспансия үчүн майдан катары пайдаланууга аракет кылышууда, бул жерде жаңы согушкерлерди жалдашууда жана аларды окутушууда о.э. башка өлкөлөрдөгү абалды туруксуздаштыруу үчүн багытташууда”, – деген Путин.

 О.э. кайрылуунун текстинде келгендей, атайын кызматтардын салттуу жолугушуулары “терроризм, экстремизм, наркотикалык заттардын мыйзамсыз соодасы жана эл аралык кылмыштуулук менен күрөштөгү көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам берет.

Туркистон: 

2018-жылдын март айында Россияда кезектеги президенттик шайлоо болуп өтөт. Путин шайлоонун алдында  Россияны бүгүнкү абалга түшүрүп коюшунун себептерин түшүндүрүп бериши керек болот. Ал Сирияга аскерий баскынчылык аракеттериндеги чыгымдарынын максат жана себептери жөнүндө бир нерсе ойлоп табышы керек! Т.а. Путин өзүн жана учурдагы режим өкүлдөрүн бийликте сактап калуу үчүн гана аралашып калган бул согуш тууралуу “ бул согушта Россия үчүн кандайдыр максат жана кызыкчылыктар бар эле, мен ошол кызыкчылыктарды жүзөгө чыгардым” демекчи болууда.

Негизи, Путин Россиянын кызыкчылыгына өтө чоң зыян жеткирди. Мамлекеттин экономикасын изден чыгарып, менчиктештирүү саясатын жүргүзүү менен  мамлекеттик кирешени бир ууч олигархтардын колуна салып берди. Натыйжада, Россиянын оор жана жеңил өнөржайлары кризиске дууушар болду. Мунун акыбетинде Россия жарандарынын жашоо деңгээли дагы да төмөндөй баштады. Негизи, эл аралык саясатта Россиянын идеологиялык кызыкчылыктары дээрлик калган эмес! Ал дүйнөлүк “исламий терроризм” коркунучун жок кылуу менен Шамда, Борбор Азияда же дүйнөнүн башка бир регионунда бирер кызыкчылыкка жетише турган абалда эмес! Путин өзүнүн эгоисттиги себептүү пайда болуп жаткан бул абалды жашыруу же башка бирөөгө оодарып жиберүү максатында АКШ менен тил бириктирип, Сирияга баскынчылык жүрүшүн ишке ашырды.

Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Трамп Путиндин Сириядагы эмгегине ыраазылык билдирип, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Борбор Азия аймактарындагы проблемаларга токтолуп өттү. О.э.  ушул кооптуу аймактарда да кызматташуудан үмүттөнүп жаткандыгын айтты.

Демек, Путин кийинки президенттик мөөнөткө калуу үчүн, жаңы региондордо согуш чыгаруу операцияларында АКШ менен шерик болууга ыраазы болду. Россия Тажикстанга курал-жарак жеткирип бере баштады. АКШ болсо, Афганистанда “Ислам мамлекети” уюмун жаңыдан калыптандыра баштады. Россия төмөндүккө кулап бара берет. Демек, Путиндин Россияны кооп-коркунучтар менен коркутуп туруудан башка жолу калбады.

Тыянак чыгарсак, АКШ Россияны өнөктөш кылып алып, Борбор Азияда кооптуу кырдаал пайда кылмакчы болууда. Максаты, ушул региондордо аскерий базаларды жайгаштыруу менен Кытайды коркута турган абал пайда кылуу. Россиянын максаты болсо, АКШга ушул максаты жолунда жардам берүү менен Путин жана анын кылмышкер режими өз ордунда калышын камсыздоо, же болбосо, АКШны бул режимди кулатуу үчүн аракет кылбастыкка көндүрүү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here