Жээнбеков расмий сапар менен Өзбекстанга барат

390
0

Жээнбеков расмий сапар менен Өзбекстанга барат

 Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, президент Сооронбай Жээнбеков 11-декабр күнү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эрлан Абдылдаев ЕККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Вена шаарындагы отурумуна катышуусунун жыйынтыктары о.э. Сербияга расмий сапары тууралуу маалымат берген.

Мындан тышкары, министр өлкө башчысына президенттин Өзбекстанга ушул жылдын 13-14-декабрында жасачу расмий сапарына даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат берген.

“Мамлекет башчысы тышкы иштер министрине  алдыдагы тышкы саясий иш чараларга дыкаттык менен  даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди”, – деп айтылат кабарда.

7-декабрь күнү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда сүйлөгөн сөзүндө, кошуна мамлекеттин башчысы келери күтүлүп жатканын айткан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here