Женева сүйлөшүүлөрүнүн акыркы аптасы

350
0

Женева сүйлөшүүлөрүнүн акыркы аптасы

Сирия маселеси боюнча Женевада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү т.а. акыркы аптасында БУУнун өкүлү оппозиция жана режим делегациялары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Башар Жаъфарий башында турган Асад режиминин делегациясы БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын аракети менен жума күнү Женевага жетип келген эле. Мистура Сирия оппозициясынын жана өкмөттүн делегациясы менен жолугушууларды улантууда.

Оппозиция өкүлдөрү мурунку жолугушууларда ортомчусуз сүйлөшүү талабын чекте каккандыгы себептүү, Жаъфарий башчылыгындагы өкмөттүк делегация жана оппозиция өкүлдөрү Мистура менен өз-өзүнчө жолугушууда. Мистура өткөн бейшемби күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында өкмөттүк делегацияны сүйлөшүүлөргө олуттуу кароого чакырган.

Сирия оппозициясынын өкүлдөрү 22-23-ноябрь күндөрү Саудиянын борбору Эр-Риядда чогулуп, жаңы жана кеңири көлөмдүү жооптуулар тобун түзгөн эле. Кабарларда келишинче, Эр-Рияддагы       жыйындан кийин берилген билдирүүдө оппозиция өкүлдөрү Башар Асад президенттиктен кетмейинче Сирияда өткөөл мезгил жараяны башталбастыгын баса белгилешкен. Бирок, ошол жыйында Стеффан де Мистура Сирия оппозициясынан саясий чечимге жетишүү үчүн Женева сүйлөшүүлөрүнө мурунку шарттары менен келбестикти талап кылган.

14-декабрь күнү кечинде аяктай турган Сирия сүйлөшүүлөрү Сирияда убактылуу өкмөттү түзүү, жаңы конституция иштеп чыгуу, шайлоолорду өткөрүү жана терроризмге (Исламга) каршы күрөшүүдөн турган негизги төрт теманы камтыйт. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Швейцариянын Женева шаарында 28-ноябрь күнү башталган сүйлөшүүлөрдүн алгачкы эки аптасында эч кандай анык натыйжа болбоду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here