Исламий өлкөлөрдүн башчыларынын ордуна Түндүк Кореянын башчысы билдирүү берди

402
0

Исламий өлкөлөрдүн башчыларынын ордуна Түндүк Кореянын башчысы билдирүү берди

АКШ президенти Дональд Трамптын Куддусту (Иерусалим) яхудий мамлекетинин борбору катары таануу жана АКШ элчиканасын Тель-Авивден Куддуска көчүрүү чечими боюнча Ислам өлкөлөрүнүн башчыларынан күтүлгөн билдирүүнү Түндүк Кореянын өлкө башчысы берди. Трампты “алжыган чал” деп атаган Түндүк Кореянын өлкө башчысы Ким Чен Ын анын чечимин “акылсыз жана акмактык аракет”  катары баалады.

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын: “Израиль деген мамлекет барбы, Анын борбору Куддус болгудай!” – деди.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Ён Хо яхудий мамлекетин тааныбастыгын айтып, Куддусту Палестинанын борбору деп кабыл аларын билдирди. “AFP” маалымат агенттиги кабарлагандай, Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Куддус тууралуу берген билдирүүсүндө Трамптын Куддус жөнүндөгү чечимин “түшүнүксүз жана шайтаний” деп сыпаттаган. Билдирүүдө келишинче, АКШнын бул аракети дүйнөнүн тынчтыгына жана глобалдык коопсуздукка ким коркунуч туудуруп жатканын ачык көрсөтүп турат.

“БУУнун курамындагы толук суверендүү мамлекетти (Түндүк Кореяны) жок кылууга чакырган алжыган акмактын (президент Дональд Трамптын) бул аракетине таң калбадык. Бул аракет дүйнөнүн тынчтыгына кимдер коркунуч туудуруп жатканын анык көрсөтүп турат”, “Биз мыйзамдуу укуктарга ээ болуу үчүн күрөшүп жаткан Палестина жана араб калктарын колдоп-кубаттайбыз о.э. алар менен тилектешпиз”, – деп айтылат Түндүк Корея тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Трамп 6-декабрда Куддусту яхудий мамлекетинин борбору катары тааный тургандыгын айтып, тышкы иштер министрлигине Тель-Авивдеги АКШ элчиканасын Куддуска көчүрүү боюнча даярдык көрүүгө буйрук бергендигин билдирген.

Таң калычтуу жери, Трамп Куддус жөнүндө билдирүү беришинен мурда, өздөрүнчө Куддус жана Акса мечитине күйгөн адам болуп, ызы-чуу салып жаткан Исламий өлкөлөрдүн башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.  Алардын арасында, Саудиянын королу Салман бин Абдулазиз, Палестинанын башчысы Махмуд Аббас, Иорданиянын королу Абдуллах жана Мисирдин президенти Сиси бар. Трамп алар менен сүйлөшүп жатканда, бир нече сааттан кийин Куддусту Израилдин борбору катары жарыя кыларын айткан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here