Афганистандын президенти расмий сапар менен Өзбекстанга келди

202
0

Афганистандын президенти расмий сапар менен Өзбекстанга келди

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Афганистандын президенти Мухаммад Ашраф Гани Өзбекстанга расмий сапар менен келди.

Резиденциядагы жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстан жана Афганистан президенттеринин ортоктош билдирүүсүнө кол коюлду.

Саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт-коммуникация, илим-билим жана башка тармактарда кызматташтыкты бекемдөөгө каратылган 20 документке кол коюлду. Аталган документ коопсуздук маселелери боюнча биргелешкен комиссия түзүүнү, жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардамды, Сурхан – Пули Хумри электр линиясын курууну, Мазари Шариф – Шибиргон – Маймана – Хирот темир жолун курууну, жүк ташуу жана бажы тармагындагы алакаларды камтыйт.

О.э. сапардын алкагында жалпы баасы 500 миллион доллардан көбүрөөк болгон 40тан ашуун келишимге кол коюлду.

Президенттер маалымат жыйынында, кол коюлган документтер Өзбекстан менен Афганистандын ортосундагы пайдалуу жана узак мөөнөттүү алаканы мындан ары да бекемдей тургандыгын баса белгилешти.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here