Путин алдыдагы шайлоого катышат

266
0

Путин алдыдагы шайлоого катышат

Россиянын президенти Владимир Путин 2018-жылдагы президенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирди.

Путин бул тууралуу Нижний Новгороддогу Горкий автозаводунун 85 жылдыгына байланыштуу өткөрүлүп жаткан иш-чарада расмий түрдө маалымдады.

 “Мен Россия Федерациясынын президенттигине талапкердигимди коёмун. Бул тууралуу жарыя кылуу үчүн мындан ыңгайлуураак убакыт жана орун жок эле. Россия алдыга карай жүрөт жана буга эч ким тоскоол боло албайт, эч ким токтото албайт”, – деди Путин.

Буга чейин Путин ЖМКлардын кезектеги шайлоого катышар-катышпастыгы туурасындагы суроолоруна ачык жооп бербей келген эле.

Россияда шайлоо кампаниясы 2017-жылдын 17-декабрында башталып, шайлоо 2018-жылдын 18-мартында болуп өтөт.

Эгерде Путин бул шайлоодо утуп чыкса, төртүнчү жолу РФ президенти болот.

Буга чейин КПРФтин жетекчиси Геннадий Зюганов, ЛДПРди жетекчиси Владимир Жириновский, “Яблоко” партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинский, ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча өкүл Борис Титов о.э. теле алып баруучу Ксения Собчак президенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here