Шавкат Мирзиёев Борбор Азия өлкөлөрүн коркунучтарга каршы биригүүгө чакырды
10-ноябрь күнү Самарканд шаарында БУУнун колдоосу астында “Борбор Азия: бир тарых жана жалпы келечек, туруктуу өнүгүү” деген аталыштагы конференция өз ишин баштады. Иш чарада Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Борбор Азия регионунда экстремизм, терроризм, кылмыштуулук жана наркотрафикке карыш күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу – мамлекеттер ортосунда маалымат алмашуу экендигин билдирди. Бул тууралуу Kun.uz сайты кабарлаган.
“Биздин назарыбызда, коркунучту «тышкы жана ички» коркунуч деп бөлүүдөн баш тартуу керек. Коопсуздук маселеси БУУ тарабынан тастыкталган превентивдик дипломатия алкагындагы инструменттер аркылуу чечилиши жана көзөмөлгө алынышы керек. Региондо туруктуу тынчтык шартынын тагдыры түздөн-түз Афғанистандагы абалга байланыштуу. Ошондуктан, баса белгилеп өтөмүн, Өзбекстан кошуна мамлекеттер менен экономикалык өнөктөштүктү, транспорт, логистика жана улуттук кадрларды даярдоодо кызматташууну уланта берет”, – деди президент.
Шавкат Мирзиёевдин айтымында, региондо туруктуулукту камсыздоодогу эң негизги маселе – экстремисттик идеяларга каршы натыйжалуу күрөшүү о.э. анын таасирине түшүп калган жаштарды туура жолго баштоо.
“Калкынын курамы боюнча Борбор Азия эң жаш регион болуп эсептелет. Башкача айтканда, жаштар калктын 60 пайызын түзөт. Бул болсо, дүйнөдөгү орточо көрсөткүчтөн жогору”, – деп кошумчалады Шавкат Мирзиёев. О.э. Өзбекстан БУУда “Жаштардын укуктары туурасындагы” Конвенцияны кабыл алуу сунушун көтөрүп чыккандыгын кошумчалады.
“Биздин бул жолдо биригип, аракеттенишибиз жаштарды жаман жолго түшүп калуудан сактоо жаатында күчтүү белги болот. Бул аркылуу адашкан адамдарды реабилитация кылуу, аларды нормалдуу жашоого кайтарууда бириккенибизди билдиребиз”,- деди Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев.