Эки триллион доллардын келечеги белгилүү болду

265
0

Эки триллион доллардын келечеги белгилүү болду

Саудиядагы акыркы өзгөрүүлөр дүйнөнүн назарынан четте калбады. Саудиянын коррупция менен күрөшүү боюнча жогорку комитети болжол менен 40тай таасирдүү адамды камакка алуу тууралуу токтом чыгарды. Алардын арасында шахзадалар, мурдагы жана учурдагы министрлер, аскерийлер о.э. миллиардер ишкерлер да бар. Бир эле учурда мамлекеттик кызматкерлер, командачылар жана королдун үй-бүлөсүнө таандык шахзадалардын коррупцияда айыпталып кармалышы күтүүлбөгөн иш эле.

Саудия өкмөтүнүн бул иштери АКШ президенти Дональд Трамп “Аромко” нефть компаниясынын акцияларын АКШ биржаларына жаткырышы керек деген билдирүүсүнөн кийин башталып кетти. “Аромко” нефть компаниясы дүйнөнүн эң ири нефть компаниясы болуп эсептелет. Белгилүү себептерден улам, Саудия бийлиги компанияны эл аралык биржа базарларына киргизбей жаткан эле. Бирок, АКШ президенти Азияга сапары учурунда телефон аркылуу ушул маселе боюнча король менен сүйлөштү.

Кытайга сапарынын алдында “Financal Times”ка берген интервьюсунда да “Арамко” компаниясы АКШ биржаларына ачылышы керектигин баса белгиледи. Трамптын ошол интервьюсунан 9 саат өткөндөн кийин, Саудияда күтүүсүз операциялар башталып кетти! Шахзадалар, министрлер, командачылар жана шейхтер камакка алынды…!

Көңүл бурууга арзый турган жери, камакка алынган министрлер жана шахзадалар “Арамко” компаниясына жабышкан англияпарас кишилер! Король бул аракет менен анлияпарастарга жана эл аралык финансы тармагынын компраторлоруна (мамлекеттин назарында, арамза жол менен байлыкка ээ болгон кишилерге) катуу сокку берген болду. “Арамко” компаниясынын АКШ биржаларына ачылышы – бул АКШ экономикасы жана глобалдык өнөржайы үчүн укмуштай жеңиш болуп эсептелет! Камакка алынган министрлер, шахзадалар жана шейхтердин Британияга жана Европанын эң ири банкы болуп эсептелген HSBC банкына түздөн-түз алакасы бар. Ушуга ылайык, аларды камакка алуулар Саудияга да, АКШга да пайдалуу болот!

Аталган операция аркылуу сауддар алардын 500 миллиард доллардык байлыгын конфискация кылды. АКШ болсо дүйнөдөгү биржаларды жана финансылык секторлорду нефть аркылуу тартипке салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мындан тышкары, ал укмуштай киреше булагына да ээ болду. Натыйжада, “Арамко” нефть компаниясы биржа базарында пайда болот! Түшкөн киреше АКШ жана Саудия экономикасына тиешелүү! Эки триллион доллардык жаңы капиталга ээ болуу АКШ үчүн дүйнөнү кайрадан калыптандырууда энергетикалык отун болуп эсептелет!

Көптөгөн жерлерге, запаска жана ачыла элек нефть кудуктарына ээ болгон “Арамко” компаниясы базардан 2 триллион доллар топтой ала турган ажайып кыйматка ээ болушуна карабастан, биржаларга ачык эмес эле. Анын каражаттары банктардагы байлыктарга, айрыкча, Британиянын HSBC банкынын байлыктарына байлык кошуп жаткан эле. Ал эми, Трамптын “Улуу Америка кыялы” үчүн акча жана өнөр жай АКШда топтолушу керек! Ошондуктан, ал “Арамко” маселесине киришип, компаниянын акцияларын АКШ биржаларына салууну талап кылды жана Саудия королуна бул тууралуу кескин кабарлады. Ушундай жол менен топтоло турган каражаттар аркылуу АКШда жана Саудияда өнөр жай тармагы активдешет жана саудиялыктар акчаларды өз чыгымдарына жумшабайт, башкача айтканда акчалар АКШнын көзөмөлүндө болот.

АКШ президенти Дональд Трамп Саудия бийлигинин коррупцияга каршы күрөш шылтоосунда шахзадалар, министрлер жана миллиардерлерди камакка алышын колдой тургандыгын билдирди. Ал өзүнүн твиттердеги расмий баракчасы аркылуу Саудия королу Салман жана анын уулу мураскор шахзада Муҳаммад ибн Салманга ишене тургандыгын билдирди.

Трамп твиттердеги баракчасында: “Мен король Салманга жана мураскор шахзадага толук ишенемин. Алар эмне кылып жатышкандыгын жакшы билишет. Мындай мамилеге дуушар болуп жаткан адамдардын айрымдары өз мамлекетин көптөгөн жылдардан бери талап-тоноп келген”, – деп жазды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here