Крымдык абактагы мусулмандардын жубайларына орустардын зулуму

247
0

Крымдык абактагы мусулмандардын жубайларына орустардын зулуму

 Орус баскынчылары Хизб ут-Тахрирге мүчө болгондукта айыптап камакка алган крымдык мусулмандардын жубайлары Крым жана Украинанын негизги бөлүгүндөгү админстративдик чегара постунда эч кандай себепсиз кармалып, суракка алынган. Бул тууралуу адвокат Лиля Гемеджи кабарлады. Лиля Гемеджинин билдиришинче, орус кызматкерлер анын адвокат экендигин билишкен эмес.

Журналист Антон Наумлюктун билдиришинче, орус кызматкерлер аялдарды бир-бирден суракка алган жана тергөө учурунда алардан күйөөсү жана туугандары ким экендиги, ИШИМге кошулуу ниети бар, же жоктугу тууралуу сураган. Тергөө учурунда эки аялдын абалы начарлап, алардын биринин эси ооп калганда, орустар муну жасалма аракет деп эсептегендиги себептүү, тез жардам болжол менен 40 мүнөттөн кийин чакырылган.

РФ мыйзамдарына ылайык, укук коргоо органдары кармалган адамдарды 3 сааттан ашык кармап туруусу мүмкүн эмес. Бирок, крымдык муслима аялдар жаш балдары менен биргеликте Армянск-Чаплинка көзөмөл пунктунда 6 сааттан көбүрөөк убакыт кармалып турган. Аларды камакка алуунун себептери белгисиз бойдон калууда.

Негизи, терроризмге каршы күрөшүп жаткандыгын дабаа кылып жаткан Россиянын мусулмандарга карата мамилесинин өзү террористтик аракет болуп эсептелет. Крымдагы үйлөргө бастырып кирүүлөр, себепсиз камакка алуулар, адам уурдоо, атайылап денеге зыян жеткирүү иштеринин бардыгы террордук аракет болуп эсептелет. Россиянын күч түзүмдөрү мындай иштерди Крымда күн сайын ишке ашырууда. Ал эми, анын Сирияда ишке ашырып жаткан террору тууралуу айтпасак да баарыбызга белгилүү. Негизи, Хизб ут-Тахрир жарым кылымдан көбүрөөк убакыттан бери 50 дөн ашуун мамлекетте ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан болсо да, бирер жерде зомубулукка аралашкандыгы далилденген эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here