Кыргызстандын мамлекеттик карызы 301 миллион долларга көбөйдү

268
0

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 301 миллион долларга көбөйдү

Кыргызстан каржы министрлиги тараткан кабарда келишинче, мамлекеттик карыз жыл башынан бери 301 миллион АКШ долларына (+7,4 пайызга) көбөйүп, 4 миллиард 366 миллион долларга жеткен.
Бөлүп караганда, тышкы карыз жыл башынан бери 225,4 миллион долларга(6 пайызга көбөйүп, 3 миллиард 968 миллион долларга жеткен. Ал эми ички карыз болсо, 76 миллионго (+23 пайызга) көбөйүп , 398 миллион долларга барабар болду.
Эң көп карыз Кытайдын Эксим банкынан алынган – 1,63 миллиард доллар (мамлекеттик карыздын 37 пайызы). Экинчи орунда 838 миллион доллар (мамлекеттик карыздын 19 пайызы) менен Дүйнөлүк банк турат. Ал эми, үчүнчү орунда $601 млн. доллар (14 пайыз) менен Азия өнүктүрүү банкы турат.
Эгерде тышкы карызды мамлекеттин ар бир эмгекке жарамдуу жаранына бөлүп эсептесе, ар бир адамга 1204 доллардан туура келет экен.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here