Россияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынышы мүмкүн
Россияда кыргызстандыктардын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынышы мүмкүн. Мамлекеттик думанын вице-спикери Игорь Лебедев ушундай демилге менен чыкты.
Анын айтымында,Россия мурда кыргызстандыктардын айдоочулук күбөлүк менен иштешине саясий көз-караштан улам, Кыргызстанда орус тили расмий макамда болгону үчүн уруксат берилген.
Лебедев, Алмазбек Атамбаевдин 7-8-ноябрды “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө” өзгөртүү туурасындагы жарлыкка кол коюшун Кыргызстан менен Россиянын достук алакасына доо кетире турган иш катары сыпаттап: “Андыктан, кыргыздар сынак тапшырып, Россиядан айдоочулук күбөлүк алышсын”, – деди.
Эске сала кетсек, быйыл июль айында Мамлекеттик Дума Кыргызстандын жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен Россияда иштөөгө уруксат берген мыйзам кабыл алган эле.