Россия: Түркиядан үмүтүбүз чоң

305
0

Россия: Түркиядан үмүтүбүз чоң

Казакстандын борбору Астана шаарында Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 7-айлампасы башталды. Казакстан тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, бардык тараптардын сүйлөшүүгө катышары тастыкталган. Айрыкча, сүйлөшүүгө Дамаск бийлиги жана Сирия оппозициясынан өкүлдөр о.э. байкоочу катары БУУ, АКШ жана Иорданиянын өкүлдөрү катышат.

Сүйлөшүүлөрдө россиялык делегацияга Россиянын Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев, түркиялык делегацияга Түркия тышкы иштер министринин орун басары Седат Онал, ирандык делегацияга болсо, тышкы иштер министринин орун басары Хусайн Жабир Ансорий жетекчилик кылууда. Лаврентьев сүйлөшүүлөр учурунда туткундар, камактагылар жана өлгөндөрдүн сөөгү жакындарына тапшырылышы маселесинде жакшы натыйжаларга жетишүүдөн үмүтү бар экендигин баса белгиледи.

Лаврентьев “РТ” жана “Россия-24” телеканалына берген интервьюсунда Сирия маселесинде Россиянын Түркиядан үмүтү чоң экендигин жашырбады. Лаврентьевдин айтымында, коопсуз аймак түзүлгөн Идлибде көзөмөл чекиттери өтө жогорку деңгээлде иштеп жатат.

“Идлибде коопсуз аймак түзүү чечими өтө маанилүү чечим болуп эсептелет. Ушундай жол менен биз майдандагы кырдаалды сезиле турган деңгээлде туруктуу абалга келтирдик. Албетте, региондогу айрым топтордун провокациялык аракеттеринен келип чыккан белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Бул сыяктуу кемчиликтерди жоюуга колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз”, “Түркиялык кесиптештерибиз көзөмөл пункттарын куруп бүтө элек аймактарда айрым кыйынчылыктар бар. Ошондуктан, региондо  кескиндиктер бар жана мурда болгону сыяктуу эле, радикалдык уюмдардын чабуул кылуу коркунучу жоюла элек. А бирок, түркиялык кесиптештерибиздин Идлибдеги коопсуз аймак боюнча өз милдетин аткарып, абалды жөнгө салуусунан үмүттөнөбүз”, – деди Лаврентьев.

АКШ Астана сүйлөшүүлөрүн аркылуу пландаштырган “Идлиб шаарында коопсуз аймак түзүү” долбоору, учурда оппозициянын көзөмөлүндө болгон Идлибди Асад режимине тапшырууну өз ичине алат. АКШнын талабына ылайык, Идлиб Исламий талаптардан баш тартпаган мусулмандардан тазаланышы керек. Бул жаатта Россия жана Иран менен биргеликте Түркия жана Сирия азат армиясынын аскерлерине да милдеттер жүктөлгөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here