Россия АКШга “архив” нотасын жөнөттү

340
0

Россия АКШга “архив” нотасын жөнөттү

Россиянын Сан-Францискодогу буга чейин эле жабылган консулдугуна таандык архивдер Москванын уруксатысыз АКШ тарабынан текшерүүдөн өткөрүлгөн. Андан соң, архивдик материалдар жеке менчик транспорттук компаниялар аркылуу Вашингтондогу башкы элчикананын имаратына жөнөтүлгөн. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова апталык маалымат жыйынында билдирди. Захарованын билдиришинче, буга нааразы болгон Россия тарап АКШга дипломатиялык нота жөнөткөн.

“Албетте, биз бул аракеттер себептүү АКШга дипломатиялык нота жөнөттүк. Нота АКШнын Москвадагы элчиканасына тапшырылды. Мындан тышкары, нотанын бир нускасы Вашингтонго да жөнөтүлдү”, – деди Захарова.

О.э. РФ тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө келишинче, АКШ расмийлери Сан-Францискодогу консулдуктун эшигин бузуп киришкен жана ал жерде ийне-жибине чейин текшерүү өткөрүшкөн.

Россиянын Вашингтондогу элчиси да АКШ Сан-Франциско консулдугундагы архивдерди Вашингтондогу элчикага тапшыргандыгын билдирип, эл аралык укук бузулгандыгын баса белгиледи. Анын айтымында, Россия тарап архивдердин консулдук имаратынан көчүрүлүшүнө уруксат берген эмес.

Эки өлкөнүн ортосундагы алаканын начарлашына Москванын АКШдагы президенттик шайлоого аралашкандыгы себеп кылып көрсөтүлгөн. Ошондон кийин АКШ админстрациясынын талабы менен Россиянын Сан-Франциско, Нью-Йорк жана Вашингтондогу консулдуктары жабылган. АКШ менен Россия өз ара дипломатиялык миссияларды азайтуу жолунда кадамдарды таштагандыгы айтылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here