Путин: Сирия кыска убакыттын ичинде “террочу”лардан тазаланат

313
0

Путин: Сирия кыска убакыттын ичинде “террочу”лардан тазаланат

РФ президенти Владимир Путин Сирия жакынкы күндөрдө “террочу”лардан (мужахиддерден) тазаланышын билдирди. Анын айтымында, ошондон кийин да терроризмге (Исламга) каршы күрөштү улантуу керек.

Путин: “Астанада болуп өткөн Сирия жолугушуулары жакшы натыйжа берүүдө. Коопсуз аймактарды түзүү Астанада жетишилген эң маанилүү утуш болду”, “Сириядагы террочуларды кыска мөөнөттө тазалоону азыртадан айта алабыз. А бирок, террочулар жок кылынгандан кийин да, коркунуч жоюлган болуп эсептелбейт. Сирияда терроризмди тамыры менен сууруп таштоо – региондо жана дүйнөдө терроризм жок кылынды дегени эмес”, – деди.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да БУУнун атайын өкүлү Стаффан де Мистура менен жолугушкан учурда Сириядагы аскерий операция жакынкы күндөрдө аяктай тургандыгын билдирди.

“Сириядагы терроризмге каршы күрөш ийгиликке жакындап барууда”, – деди террочулардын (мужахиддердин) чегинип жаткандыгына ишара кылган Лавров.

Буга чейин Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Тель-Авивде израилдик кесиптеши Авигдор Либерман менен жолугушкан учурда Россиянын Сириядагы операциялары аяктап жаткандыгын билдирген эле.

“Сириядагы операциялар аяктоонун астында турат. Ушуга ылайык, тездик менен чечилиши керек болгон бир катар маселелер бар”, – деген эле Шойгу.

Бирок, Сириядагы кырдаал боюнча адистердин билдиришинче, булардын бардыгы куру сөздөр. Сирия козголоңун жок кылуу оңой эмес. Алардын максаты козголоңчуларды жана Сирия калкын алдап, күмөн жаратуу менен аларды козголоңдон баш тарттыруу.

Акыркы кабарларга ылайык, Асаддын колуна өтүп кеткен Халабдын (Алеппо) батыш бөлүгүндөгү уруулар жана жарандар биригип “Калк биримдиги” деп аталган жаңы аскерий бөлүк түзүшкөн. Кабарда келишинче, аталган топ Халабдын батыш бөлүгүндө өтө активдүү болгон уруулар жана жарандардан түзүлгөн. Атын ачыктоону каалабаган оппозициялык лидерлердин бири кабарлагандай, учурда болжол менен 10 миңдей адамы бар “Калк биримдиги” тобу жакынкы күндөрдө 20 миң адамга көбөйүшү күтүлүүдө.

Туркистон: 

Идеологияга каршы аскери күч менен күрөшүү ыкмасы тарыхта эч кимге ийгилик алып келген эмес! Тескерисинче, Шамда болуп жаткан бул кыргын, кыянат жана зулумдар ыйманий мухитти, мабдаъий түшүнүктөрдү жана идеологиялык аракеттерди күчөтөт. Куфр дүйнөсү бул акыйкаттан албетте кабардар. Бирок, алардын кырдаалды убактылуу болсо да аскерий аракеттер менен бастырып, жашырып туруудан башка чарасы калбады!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here