Кыргызстан менен Россия салттуу Исламды өнүктүрүүдө кызматташат
Кыргызстан менен Россиянын Ислам университеттери салттуу Исламды өнүктүрүү жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча келишим түзүштү. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттигине Россия Ислам университетинин (РИУ) ректору Артур Сулейманов кабарлаган.
“Келишим биздин ата-бабаларыбыз карманган – радикализм, терроризм, фанатизмден алыс болгон – салттуу Исламды сактап калууга каратылган”, – деди Сулейманов.
Анын айтымында, келишимдин алкагында Россия Ислам университетинин окутуучулары “Салттуу Исламда ишеним” тренингин өткөрүү үчүн ноябрь айында Кыргызстанга келишет. Тренингде кыргызстандык 25 окутуучу жана имамдар курстан өтүшөт.
Ошол эле убакта Россия Ислам университетинин окутуучулары Кыргызстан Ислам университетинде стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Туркистон:
“Салттуу, мээлүүн, улуттук” деген сыяктуу куфр терминдери пайда болду. Алардын бул терминдер негизиндеги аракеттеринен көздөлгөн максат, коомубузда бузук Исламий мухит пайда кылуу! Кайрыисламий аракеттердин бул максаты, Исламий аалымдардын катышуусу, аракети жана кыянаты болмоюнча ишке ашпайт! Бирок, аалымдарыбыз куфрга өз ыктыяры менен ыраазы болбогондуктан, күч түзүмүнүн коркутуусу, бийликтин басымы же кандайдыр материалдык кызыкчылыктарды убада кылуу менен бир катар таквасыз аалымдарды өздөрүнө тартып алышууда.
Натыйжада , аалымдарыбыз Исламий эмес, улуттук аалымдарга айланып калышты. Алар Исламдын идеологиялык кубатынан пайдаланып, уялбастан Россия менен бирге туруп куфр кызыкчылыктарын коргошмокчу!!!
Абу Хурайра Р.А. риваят кылган хадисте Расулуллах С.А.В.: “Кимде-ким, Аллах Азза ва Жалла үчүн үйрөнө турган илимди дүйнө маталарына ээ болуу үчүн үйрөнө турган болсо, ал кыямат күнү бейиштин жытын жыттабайт”, – деген. (имам Термизий).