СЫНОО ЭМНЕДЕ БОЛОТ

391
0

بِاِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَانِ الرَّحِيمِ

СЫНОО ЭМНЕДЕ БОЛОТ

 

Бул дүйнө – сыноо дүйнө. Муну момундар жакшы билишет. Аллах Таала айтат:

الم(1)أَحَسِبَ النَّاسُ أَنْ يُتْرَكُوا أَنْ يَقُولُوا آمَنَّا وَهُمْ لَا يُفْتَنُونَ(2)

وَلَقَدْ فَتَنَّا الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَلَيَعْلَمَنَّ اللَّهُ الَّذِينَ صَدَقُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْكَاذِبِينَ

Алиф, Лам, Мим. Адамдар: «Ыйман келтирдик» дешээри менен гана, сыноо кылынбастан таштап коюуларын ойлоштубу?! Акыйкатта болсо, Биз алардан мурдагы кишилерди сынаган элек го! Анан (ушул сыноонун жардамында) албетте Аллах чын сүйлөгөн кишилерди да, жалганчы адамдарды да анык билет”. [29:1-3]

Мен аныктамакчы болгон нерсе, Аллах Таала бизди эмне менен сынайт? Бул суроо аалым-устаздарга, даъватчы-таква адамдарга. Т.а. биз качан сыноодон ийгиликтүү өтөбүз?

Намаз мененби? Намазды калтырбай окуп жүргөн момун үчүн сыноо бүттүбү? Муаззиндер сыноодон жогорку даражада өтүштүбү? Орозо, зекет, адал-арамдабы?

Же сыноо авратты жабууда, жилбабда болобу т.а. аялдар авратын жабышы, махрамдары аялдарына ушул иште жардамчы болушу менен сыноо аяктайбы? Иран сыяктуу жилбабды мыйзамдаштырган мамлекеттерде сыноо бүттүбү?

Же сыноо бири-бирине ага-ини, бир бүтүн дене болгон Үммөттү бөлүп-жарып, колонизатор пайда кылган жасалма чек араларды, улутчулдук жана мекенчилдик туйгуларын жок кылып, Үммөттү бириктирүү жана бир дене сыяктуу мурунку абалына келтирүү менен аяктайбы? Т.а. биз качан сыноодон өткөн болобуз?

Же Исламды толук колдонгондо сыноо аяктайбы т.а. Расулуллах(с.а.в) сахабалар (р.а.) менен Мадинада шариятты толук колдоно баштагандан кийин сыноо бүткөн беле? Биз да шариятты толук колдоно баштасак сыноо бүтөбү? Себеби, мен бардыгыбыздын бул дүйнөдөн ийгиликтүү өтүшүбүздү каалаймын. Менимче, бул теманын жообу ар бир момун үчүн өтө маанилүү;

Сыноо эмнеде болот? Ар бир ишибиз сөзүбүзгө туура келеби?

Сыноо кайсы убактан башталат жана качан аяктайт? Сиздин ар бир ишиңиз, кеп-сөзүңүз сиздин пайдаңызга же зыяныңызга болуп жатканын канчалык сезип жатасыз?

Сыноодо эмнелерге көңүл буруу менен ийгиликке жетүүгө болот?

Сиз ийгиликке жетүү үчүн үчүн эмнелерге көңүл буруп жатасыз?

Бул теманы – жаңы болбосо да, баарыбызга кандайдыр деңгээлде белгилүү болсо да – амал үчүн анык белгилеп алуу үчүн ортого салдым. Себеби, көпчүлүгүбүз чалгып калуудабыз же турмушка кадам коюудан мурда аныктап алуу керек болгон нерсени аныктап албай жатабыз.

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here