Казакстан ЕАЭБдин нормаларындагы укуктарды бузуп жатат

184
0

Казакстан ЕАЭБдин нормаларындагы укуктарды бузуп жатат

 Кыргызстандын Экономика министрлиги билдиргендей, Казакстан тарап Евразиялык Экономикалык Биримдиктин (ЕАЭБ) укуктарынын нормаларын сактабай жатат. Казакстан чек арадагы өткөрмө пункттарда жүз берген кырдаал о.э. товар ташуучулар жана ишкерлер дуушар болуп жаткан проблемалардан кийин министрлик ушул билдирүүнү таратты.

 “Казакстандын чек арадагы өткөрмө бекеттерде кошумча көзөмөл чараларын киргизиши ЕАЭБ тууралуу келишимдин максаттарына жана негизги принциптерине каршы келет, ошондой эле Евразиялык экономикалык интеграция жетишкен максаттарга коркунуч туудурат. Казакстан товар ташуу эркиндигин чектеп, бирдиктүү ЕАЭБ базарынын негизги иштөө принциптерин бузууда”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

 Ушуга байланыштуу Кыргызстандын Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын атына тиешелүү мазмундагы кат жөнөттү. Анда Казакстанга 2014-жылы 29-майда кол коюлган ЕАЭС тууралуу келишимдин жоболорун сактоо зарылдыгы эскертилиши керектиги жана бул маселенин Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын жакынкы жыйынында каралышы шарт экендиги жазылган.

 Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, казак тарап кошумча текшерүү чараларын киргизгенге чейин «Акжол-Автодорожный» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандан орто эсеп менен күнүнө 8 176 жөө адам жана 662 транспорт каражаты өтүп келген. 10-октябрдан тарта аталган өткөрмө бекеттер аркылуу өткөн жөө адамдардын саны болгону 3 446ны, транспорт каражаттарыныкы 357ни түзүүдө..

Туркистон:

Мындан тышкары, Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна да кат жолдоду. Кыргызстан менен Казакстан аталган уюмга бирдей мүчө болсо да, чек ара тартиби туурасындагы резолюциялар Казакстан тараптан бузулуп жаткандыгын айтып арызданды. Бирок, азыркыга чейин бирер натыйжа, же жогорудагы уюмдар тараптан мамиле же иш-аракет сезилген жок.

Негизи, аталган уюмдар болуп жаткан иштерден кабардар. Алардын бул иштерге аралашуусу үчүн аларга арыз менен кайрылуунун зарылдыгы жок эле. Себеби, эл аралык уюмдар өздөрүнүн мыйзам-эрежелерин өздөрү коргошу керек. Анткени, алар бир нече өлкөлөрдүн ортосунда ушул кызматты т.а. өз ара алака жана мамилелерди жеңилдетүү үчүн түзүлгөн. Бул эл аралык уюмдардын дээрлик бардыгы өзүнө мүчө өлкөлөр үчүн тең укуктуулук шарттарын кепилдөө милдетин мойнуна алган.

Бирок, иш жүзүндө андай эмес. Тескерисинче, ар бир эл аралык уюм аны негиздеген жетекчи мамлекетке көз каранды. Мисалы: БУУну АКШ башкарат. АКШнын дүйнөдө таасири күчтүү болгондуктан, бул уюм да дүйнөдө эң таасирдүү уюм болуп турат. Демек, бул уюмдун жалаң гана АКШнын кызыкчылыктары негизинде иш алып барышы табигый көрүнүш. БУУ АКШнын кызыкчылыгын коргоо үчүн дүйнөлүк системаны жана эл аралык саясатты багыттап турууга аракет кылат. АКШга жаңы колонияларды ээлеп алышы үчүн жол ачып берет. БУУга мүчө мамлекеттердин ичинде бир топ ири, кубаттуу, көз карандысыз мамлекеттер да бар. АКШ аларга эл аралык саясатта бир топ артыкчылыктарды берүү менен өзүнө көз каранды кылып келет. Алардын дүйнөдө кылып жаткан жийиркеничтүү жана ыпылас колонизатордук аракеттерине жана өздөрүнө караштуу алсыз мамлекеттерге каршы жүргүзүп жаткан жийиркеничтүү саясаттарына көңүл бурбайт. Ал тургай, бул мамлекеттер БУУнун резолюцияларын жана адамдардын эл аралык укук-нормаларын бузуп жатышса да.

Кыргызстан Казакстандын үстүнөн ар түрдүү эл аралык уюмдарга арыздана баштады. Эл аралык уюмдар болсо, расмиятчылык үчүн бирер кат жазып коюу менен нааразылык билдирип коюшу мүмкүн. Бирок, Россия үчүн Казакстандын мааниси жана таасири өтө күчтүү. Казакстан Кыргызстандан бир нече эсеге күчтүү жана стратегиялык жактан да өтө маанилүү. Демек, ар қандай эл аралык уюм ушундан келип чыгып ага мамиле билдирет. Же болгону, расмий билдирүүлөр менен гана чектелет.

Айтып отурсак, дүйнөдөгү бул сыяктуу мамилелерге эсеп жетпейт. Мисалы: Американын Иракка жана Афганистанга негизсиз бастырып кириши. Орус аскерлеринин Сирияда кыргын кылышы, Палестинада яхудийлер мусулмандарды кордоп жатышы, Мьянмадагы мусулмандардын кыргын кылынышы! Ушулардын бардыгына БУУ кайдыгер карады. Себеби, бул баскынчылык жана кыргындар жетекчи мамлекеттер же эл аралык саясатта таасири бар болгон ири мамлекеттер тарабынан уюштурулган!!!

Эл аралык саясат туңгуюкка кептелип калган. Демократияга негизделген капиталисттик дүйнөлүк башкаруу системасы изден чыгып, өз баалуулуктарын өзү тебелеп-тепсей баштады. Т.а. дүйнөлүк башкаруу системасы өз идеологиясы менен дүйнөнү башкара албай калды. Алар, куфр өлкөлөрү менен башка өлкөлөрдөгү адамдардын жашоо деңгээлинде өтө чоң айырма пайда жатканы жана тең укуктуулук негизи бузулуп, зулумдар өтө эле күчөп бара жатканы алардын идеологиясы  жараксыз экендигинен улам пайда болуп жаткандыгын жашырмакчы болушууда.

Демек, кыргыз-казак чек ара проблемасы, чек аранын бар болуп турушунда экен. Т.а. исламий өлкөлөр ортосунда чек ара болушу жаиз эмес! Бул чек аралар куфр системасы  дүйнөнү өзүнүн чириген түзүмүнө моюн сундуруп турушунда өтө маанилүү рол ойнойт. Мына мисалы,  Кыргызстан менен Казакстан бири-бири менен келише албай, куфр уюмдарына кайрылып жатканын көрүп турабыз. Демек, эл аралык саясат колония мамлекеттер үстүнөн өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууда, каалаган учурда алардын ортсундагы чек аралар проблемасын чыгарып, бул ишти керек болсо алардын ортосунда согуш чыгарууга чейин алып барышы мүмкүн. Кыргыз-казак президенттери болсо, текебердигин жана амбицияларын тизгиндей албастан, калкын экономикалык жактан кыйноо менен бирге, мамлекеттеринин куфр системасына көз карандылыгын ого бетер күчөттүп жатышат!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here