Силерде кыпындай ар-намыс, уят калбадыбы?

567
0

Силерде кыпындай ар-намыс, уят калбадыбы?

Мьянма бийлиги жана бутпарас топтордун чабуулдары себептүү мекенин таштап, Бангладеш чек арасында оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан аракандык мусулмандарга жардам алып барган гуманитардык уюмдун кызматкери Ислам өлкөлөрүнүн башчылары жана армияларына кайрылып, аларды мусулмандар үчүн козголууга чакырды. Ал гуманитардык жардамдар менен барып, кыйынчылыктагы адамдардын көздөрүн  кубанычка толтурамын деп ойлогон эле. Бирок, өзүнүн көздөрү жашка толду. Себеби, ал Мухаммад с.а.в.дын үммөтү канчалык кордолгонуна жана бул кордуктар гуманитардык жардамдар менен жоюлбастыгына күбө болгон эле.

Түпкү теги Түштүк Азиялык болгон Англиянын жараны ушунчалык катуу кордуктарга дуушар болгон аракандык качкындардын абалын көргөн учурда сезим-туйгуларын жашыра албады. Андан соң, Ислам өлкөлөрүнүн башчылары жана армияларына видеокайрылуу жолдоду:

Гуманитардык жардам уюмунун кызматкери көз жаштарын тыя албастан: “Биз бул жерге келдик. Бул жерде канчалаган зордукталган же кол салууга дуушар болгон үй-бүлөлөр бар. Биз бир мүшөк күрүч менен келип, бардык нерсени оңдойбуз деп ойлогон элек. Мен өзүмдөн арданып жатам. Биз Мухаммад с.а.в.дын үммөтүбүз. Негизи, биз кыйынчылыктарда ыйлабайбыз. Мени ыйлатып жаткан нерсе, биз алар үчүн эч нерсе кыла албай жатабыз. Демек, биз ушунчалык төмөндүккө түшүп калыппыз. Биз намысыбызды жоготтук. Биздин жетекчилерибиз уялышы керек. Алар биздин мына ушундай кордолушубуздан жоопкер. (Эй жетекчилер) армиялар эмне иш кылууда? Аскерлериңер жана танктарыңар эмне ишке жарайт? Эже-карындаштарыңар зордукталууда, силерде кыпындай болсо да уят, ар-намыс калбадыбы, бизди кандай күнгө дуушар кылдыңар?” – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here