Атамбаев: Казак миллиардерлери өз келечеги тууралуу ойлонот

194
0

Атамбаев: Казак миллиардерлери өз келечеги тууралуу ойлонот

АлмазбекАтамбаев 18-октябрда “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу учурунда сүйлөгөн сөзүндө, акыркы жылдарда Казакстандын аракети ЕАЭБди  бузууга багытталгандыгын айтты.

 Анын айтымында, президент Назарбаевдин айланасындагылар олигархтар, миллиардерлер болуп, алар Казакстан жана Назарбаев жөнүндө эмес, өз келечеги тууралуу ойлонушууда.

 “Алар Казакстан жана Назарбаев жөнүндө ойлошпойт, өздөрүнүн келечеги жана батыштагы жеке эсептери туурасында ойлошот.Себеби,  алардын миллиарддаган акчалары батыштагы банктарда турат, Ал эми, ал банктарды АКШ валюталык системасы аркылуу көзөмөлдөп турат”, – деди Атамбаев.

Президенттин айтымында, Казакстанда олигархиялык бийлигинин максаты таптакыр башкача.

“ Акыркы жолу кирилицадан латиницага өтүү тууралуу чечим тегин жерден чыкпагандыр. Бул кадам – Россиядан бөлүү. Бул Россия менен чек арада Казакстандын аскерлери менен АКШнын деңиз пехотасынын биргелешкен машыгуулары. Акыркы жылдары биз Казакстандын аракеттери Евразиялык экономикалык биримдикти бузууга багытталгандыгын көрүп турабыз.”, – деди Атамбаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here