Россия коопсуздук кызматы Крымда мусулмандарды камакка алууда

204
0

Россия коопсуздук кызматы Крымда мусулмандарды камакка алууда

Россия коопсуздук кызматы (ФСБ) Крымда терроризмге каршы күрөшүү шылтоосунда рейд уюштуруп, эрте таңда мусулмандардын үйлөрүнө бастырып кирди. Рейд учурунда алты адам Россияда тыюу салынган Хизб ут-Тахрир уюмуна мүчөлүктө айыпталып, камакка алынды. Айтылышынча, баскынчылар тинтүү учурунда мусулмандарга орой мамиле кылышкан. Адвокаттарга уруксат берилбеген, телефон жана интернет байланыштарына тоскоолдук кылынган жана бүтүндөй шаар курчап алынган.

Аталган окуя боюнча ФСБ берген билдирүүдө: “Россияда тыюу салынган Хизб ут-Тахрир уюмунун Бахчасарай районундагы аракеттерине чекит коюлду”, – деп айтылган.

Орус баскынчылары тарабынан камакка алынган Хизб жигиттерин колдоруна кишен тагып, баштарына баштык кийгизген абалда сотко алып чыгышкан. Бул тууралуу адвокат Эдем Семедляев билдирди. Сот аларды абакта кармоого өкүм чыгарды. Орус маалымат каражаттары болсо, кооптуу террорчулар кармалганы тууралуу кабарларды таратышты.

Камакка алынгандардын жубайлары бул акыйкатсыздыктар жөнүндө билдирүүлөр менен чыгышты.Алардын айтымында, Россия бийлиги ар түрдүү шылтоолор менен айыпсыз адамдарды камакка алууда.

Камакка алынгандардын биринин жубайы: “Биздин корко турган жерибиз жок. Себеби, биз  эч кандай кылмыш кылбадык. Ошондуктан, кадыржамдык менен аракет кылып жатабыз. Жашыра турган нерсебиз жок, өзүбүздүн жашынуубузга да зарылдык жок. Сурак учурунда мен аларга: Бир күн келип, алар кылган иштери үчүн кечирим сурашат, бирок анда кеч болуп калат! Өтө кеч болуп калат! Менин бул сөздөрүм сезим-туйгуларымды гана билдирген сөздөр эмес. Россиянын башкаруусу астына түшүп калган Крымда менде  эч кандай сезим-туйгу калбады. Анткени, бул өкмөт коркок жана убадасына турбаган өкмөт. Ырайымдуу Зат Аллахтын Өзү силерди эсеп-китеп кылат деп айттым”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here