Атамбаев: Биздин эл үчүн жашоодон дагы намыс бийик турат

194
0

Атамбаев: Биздин эл үчүн жашоодон дагы намыс бийик турат

“Спутник Кыргызстан” сайтынын кабарына таянсак, президент Алмазбек Атамбаев Баткенде күч түзүмүнүн кызматкерлерине берилген үйлөрдүн ачыкычын тапшырып жатып, кыргыз-казак чегарасындагы абалга токтолуп өткөн.

 Кабарда келишинче, Атамбаев учурда облус тургундары менен президент катары жолугушууларды өткөрүп жаткандыгын баса белгилеген.

 “Мен үч күндөн бери кыргыз-казак чегарасында болуп жаткан башаламандыкка көз салып турам. Ал жерде ЕАЭБдин бардык келишимдери бузулуп жатат”,- деген Атамбаев.

 Ошондон кийин, кыргыз элинин бери дегенде үч миң жылдык тарыхы бар экендигин баса белгилеген.

 “Үч миңдик тарыхы бар эл мындай үч күндүк блокададан коркуп кетпейт деп ойлойм. Биздин эл үчүн жашоодон дагы намыс бийик турат. Башыбыздан көп сыноо өттү, мисалы, 2010-жылы бир жарым айлык блокададан деле өткөнбүз. Бүгүнкү мыйзамсыздыкты да жеңип, өз көз карандысыздыгыбызды коргоп калабыз”, – деген Атамбаев.

 О.э. кошуналар бири-бири менен ынтымакта жашап, бири-бирине жардам көрсөтүшү керектигин айтып: “Казакстанда катуу ачарчылык болгондо кыргыз эли акыркы наны менен бөлүшүп, эки эл тең аман калган”, – деген.

Сөзүнүн аягында Атамбаев кыргыз армиясы күчтүү экенин жана жооп бере ала турганын айтып, бирок, учурда каражат жана маалымат согушу болуп жатканын кошумчалаган. О.э. эгемендүүлүктү аскер менен эмес, акыл менен сактоо керектигин айткан.

  Туркистон:

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө: “Менин президенттик мөөнөтүм бүтөрүнө бир жарым ай калды. Бирок, мөөнөтүм бүткөнгө чейин мен Кыргызстанды уурулардан тазалап кетем. О.э. эгерде биздин кошуналар, кошуна жетекчилер өздөрүнө келбесе, көздөрү ачылбаса, башкача сүйлөшөмүн”, – деди.

Атамбаев Назарбаев менен жолугушуудан качып, Сочиде болуп өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин саммитине да бара албады. Буга чейин, Түркия президенти Эрдоган менен да кудум ушундай болуп мамилесин бузуп алган эле. Ага чейин АКШ тууралуу саясий жактан орунсуз сөздөрдү айтып алып, БУУнун саммитине барууга батына албай, ооруп калгандыгын шылтоолоп, жарым жолдон кайтып келген эле. Эми Казакстан президенти менен айтышып, анын натыйжасында зыян тартып жаткан калкты сабыр кылууга чакырып жатат. Башкача сүйлөшөмүн дегенде, ушул сабырдуулукка чакырууну назарда туткан беле? Өлкө башчыларыбыз күн өткөн сайын төмөндөп барууда! Алар сөзүнө ээ боло албаган, туруксуз башчыларга айланып калышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here