Путин: Түркия жана Ирандын жардамы менен ийгиликке жетиштик

312
0

Путин: Түркия жана Ирандын жардамы менен ийгиликке жетиштик

Россия президенти Владимир Путин Түркия жана Ирандын жардамы менен Идлибде жана дагы 3 аймакта “Коопсуз аймак” түзүлгөндүгүн билдирди. Путин эл аралык коомчулукту согуштан кийин Сирияны калыбына келтирүү маселесине көңүл бурууга чакырып, региондогу мамлекеттер да бул жаатта активдүү рол ойношу керектигин кошумчалады.

“Региондогу мамлекеттер да бул жаатта Сириядагы мекемелерди, ошону менен бирге социалдык-экономикалык жана мыйзамчылык мекемелерин бекемдөө үчүн активдүү рол ойношу керек”, – деди Путин.

Парламенттер аралык союздун 137 башкы ассамблеясынын ачылышында сөзгө чыккан Путин Астана сүйлөшүүсүндө Түркия жана Иран менен Сирияда коопсуз төрт аймак түзүү туурасында келишим түзүлгөндүгүн эске салып өттү. Путиндин айтымында, Сирия бийлиги жана оппозициясы ортосунда сүйлөшүү шарттары БУУУнун Коопсуздук Кеңешинин №2254-буйругуна ылайык ишке ашкан.

“Коюлган кадамдар себептүү Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактап калууга жана терроризмди (Исламды) жоюуга жол ачылды”, – деди Россиянын президенти.

Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактап калуу – бул АКШ көзөмөлү астында Түркия менен Иран Астанада кол койгон “Коопсуз аймак” келишимин Идлиб жана дагы үч аймакта ишке ашырууну о.э. аталган аймактарды Исламий талаптарды коюп жаткан топтордон тазалап, илманий Асад режимине тапшырууну түшүндүрөт. Путиндин айтымында, мына ошондо Сириянын аймактык бүтүндүгү сакталган болот.

О.э. Путин терроризмге (Исламга) каршы күрөштө кош стандарттуу аракет кылууга ишара кылып: “Россия чыныгы кызматташтык курамында терроризмге каршы күрөшүүнү улантат”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here