НАТО Афганстандан тынчсызданууда

256
0

НАТО Афганстандан тынчсызданууда

НАТО Парламенттик Ассамблеясынын президенти Паоло Алли, НАТО кошуундарынын бир бөлүгү 2014-жылы Афганистандан чыгарылгандан кийин ал жерде күчөп бара жаткан Талибан чабуулдарынан НАТО тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Алли бул тууралуу Румыниянын борбору Бухарестте “Ассошиэйтед Пресс” маалымат агенттигине берген интервюсунда айтып өттү.

“Биз Афганистанда болуп жаткан иштерге жеңил карай албайбыз, себеби биздин кошуундарыбыз ал жерден чыгарылгандан кийин Талибан кыймылынын чабуулдары көбөйүп бара жатканына күбө болуп жатабыз”, – деди НАТО Парламенттик Ассамблеясынын президенти.

Алли НАТО кошуундары Афганистандан чыгарылгандан кийин – батыштын тили менен айтканда – террорчу Талибан кыймылы  көзөмөлдөгөн аймактар кеңейип бара жатканына басым жасады. Аллинин айтымында, Афганистандагы начарлап бара жаткан коопсуздук абалы афган калкы өлкөсүн таштап качкынга айланышына себеп болууда.

Алли: “Акыркы эки же үч жылда Афганистандан Чыгыш Европага көптөгөн качкындар келгендигин көрүп жатабыз. Мунун себеби, Талибан кыймылы мамлекеттин айрым аймактарын көзөмөлгө алгандыгында”, – деди.

АКШ башчылыгындагы НАТО күчтөрүнүн Афганистанга бастырып киргенине 16 жыл болду. Өткөн 16 жылдын ичинде Талибан аскерий жактан айыл жерлерде көзөмөлдү күчөткөндүгү жана шаарларга өтө сейрек чабуул кылгандыгы айтылат. Батыштык изилдөө борборлорунун бири “Тҳе Лонг Wар” журналынын билдиришинче, Талибан 124 айылды көзөмөлдөйт. Бул абал расмий Кабулдун мыйзамдуулугуна олуттуу сокку катары бааланууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here