Ахмад Шахид: Өзбекстанда дин жана ишеним эркиндини өтө эле тартипке салынат

198
0

Ахмад Шахид: Өзбекстанда дин жана ишеним эркиндини өтө эле тартипке салынат

БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин дин жана ишеним эркиндиги маселелери боюнча атайын докладчысы Ахмад Шахид өкмөттүн чакыруусу менен Өзбекстанга келип кетти. Ал республикадагы дин жана ишеним эркиндиги жаатындагы абал менен таанышып чыкты.

Анын билдиришинче, 2018-жылдын март айында Өзбекстандагы дин жана ишеним эркиндиги боюнча доклад жана сунуштардан турган отчётун жарыя кылат.

Ахмад Шахид сапарынын аягында “International Hotel Tashkent” мейманканасында маалымат жыйынын өткөрдү.

Ахмад Шахид: “Өзбекстан светтик мамлекет экендигин баса белгилесе да, бирок мамлекетте пикир, ишеним жана дин эркиндиги өтө эле катуу тартипке салынат. Диний уюмдар мамлекеттик каттоодон өтпөстөн ишмердүүлүгүн жүргүзсө, мыйзамсыз болуп эсептелет. Бийлик ар кандай диний аракеттерге карата сергек турат… О.э. мамлекеттин Конституциясында дин жана ишеним эркиндиги кепилденген болсо да, иш жүзүндө бир топ чектөөлөр бар… Жарандар дин тууралуу пикирлерин билдирүүдө же ишениминен келип чыгуучу диний иштерди аткарууда айрым чектөөлөргө дуушар болууда. Кээде бул жаатта өзүн-өзү цензура кылуу абалдары көрүнүп турат”, – дедиАхмад Шахид маалымат жыйынында.

БУУнун атайын өкүлү Өзбекстанда диний сабаттуулукту жогорулатуу жаатында аткарылып жаткан иштерди, президент Шавкат Мирзиёев тарабынан сунушталган “Караңгылыкка каршы билим менен күрөшүү ” демилгесин жогору баалады. Ал акыркы бир нече айда диний айыптоолор негизинде айыпталган 16 миңдей жаран тизмеден өчүрүлгөнүн алкыштады.

Сапардын алкагында Ташкент, Фергана, Бухара областтарына барган Ахмад Шахид Каракалпакстан республикасында да болуп, ал жерде “Жаслик” абагын барып көрдү. Мындан тышкары, Өзбекстандагы этникалык жана диний жамааттардын о.э. жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here